Ага катышканы Франциянын тышкы иштер жана коргоо министрлери Доминик де Вилпен менен Мишель Эллиот-Марие келишти. Француз министрлери Россиянын тышкы иштер жана коргоо министрлери Игор Иванов жана Сергей Иванов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Орус-француз кеңешинин былтыркы жыйыны өткөн ноябрда Парижде болгон эле. Москвадагы жыйында Ирандын жана Түндүк Кореянын атомдук программаларына байланышкан жагдай,эки өлкөнүн ортосундагы айрым аскерий долбоорлор талкууланды.