Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Дакардан Түштүк Африкага жөнөп кетти


Сенегалдын борборунда ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, сөз сүйлөдү. Түштүк Африкадан соң Буш Ботсванада, Нигерияда жана Угандада болот. Визиттин жүрүшүндө америкалык президент континентте кеңири жайылган СПИД илдетине каршы күрөштө жана экономикалык өнүгүү чөйрөсүндө африкалык өлкөлөргө жардамдашуу маселелерин талкуулайт. Дакардагы жолугушуу маалында Буш Либериядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Вашингтон ООН менен биргелешип иштей тургандыгына ишендирди.

XS
SM
MD
LG