Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Дүйнөдө жакшы жашоо каерде бар?


Бул соболдун жообу ООНдун кезектеги жылдык отчетунда аныкталган. Анда Норвегияда,Исландияда жана Швецияда жашоо шарты баарынан мыкты деп табылган. 2001-жылдын көрсөткүчтөрүнө негизделип түзүлгөн документте Кошмо Штаттары -жетинчи, Канада - сегизинчи орунда турат. Алдыңкы он өлкөнүн тобуна алардан тышкары Австралия, Нидерландия, Белгия, Япония жана Швейцария киргизилген. Ал эми Африкалык өлкөлөрдө, аларга кошо Гаитиде, Непалда, Пакистанда жана Йеменде жашоо шарты баарынан жаман абалда деп аталган. Жашоо шартын аныктоодо калктын жан эсебине алган кирешеси, билим берүүнүн деңгээли, медициналык тейлөөнүн сапаты жана өмүрдүн орточо узактыгы сыяктуу факторлор эске алынган.

XS
SM
MD
LG