Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:30

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: «КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК СООДА АЛАКАСЫ СОЛГУНДАП КЕТТИ»


9-июлда Ташкен шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык комиссиясынын 5-отуруму башталат. Эки күнгө созула турган жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда акыркы жылдарда солгундап кеткен соода-экономикалык кызматташтыкты кайра жандандыруу, Нарын дарыясынын суусун майнаптуу пайдалануу, Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолунун курулушу сыяктуу бир катар талылуу маселелер каралмакчы. «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна кыргыз делегациясынын башчысы - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги вице-премьер-министр деңгээлиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов жооп берген.

- Базарбай Эстебесович, кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын акыркы отуруму мындан дээрлик эки жыл мурда - 2001-жылдын 26-июлунда өткөн экен. Эки мамлекет ирегелеш жашаганына карабай, андан бери соода азайып, чек ара бүтөлүп, жол жабылып, айтор, ымала сууп кеткендей болду. Ташкендеги бул отурумда өзбек тарапка кандай маселелерди койгону жатасыздар?

- 9-июлда кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын 6-отуруму башталат. Бир топ маселелерди карап чыгышыбыз керек. Анда карала турган биринчи маселе – мурдагы жолугушуунун протоколунда белгиленген иштердин кайсынысы аткарылып, кайсынысы бүтпөй калганын тактайбыз. Экинчи маселе – соода-экономикалык алакаларды арттыруу. Себеби, өткөн жылы эки мамлекеттин ортосунда соода 38%га азайып кеткен. Үчүнчү олуттуу суроо – «Суу жана энергетика ресурстарын кантип майнаптуу пайдаланыш керек?» деген маселе. Анан жолугушууда Өзбекстандан быйыл канча газ алабыз, анын акысынын канчасын нак акча менен, канчасын товар түрүндө төлөп беребиз – мына ушуларды тактайбыз. Айта кетейин, газ быйыл үзгүлтүксүз берилмекчи.

- Быйыл күн жаанчыл болуп, Токтогул суу сактагычына 17 млрд. куб суу топтолду. Суунун мындай молдугун билген өзбек тарап Кыргызстан сууну аргасыздан кое берээрин билип, Токтогул ГЭСи иштеп чыкчу электр энергиясын сатып алуу жөнүндө келишимге быйыл кол коюуга шашпай, создуктурууда. Ансыз да былтыр Өзбекстан мурдагы жылга караганда эки эсе аз – 500 млн. киловатт-саат гана электр энергиясын сатып алды. Бул маселе кандай чечилет деген ойдосуз?

- Өзбек тарап «атайын келишимге кол койбой эле, ушул өкмөт аралык комиссиянын чечими менен «Өзбекстан 2003-жылдын июль айынан тартып мынча өлчөмдө суу, мынча электр энергиясын сатып алат деп» протоколго киргизип коелу» деп жатат. Ошонун негизинде эки мамлекеттин чарбалык субъектилери өз ара келишимге кол коюшат да, анан өзбек тарап электр энергиясын ала баштайт. Эгер Ташкенде 9-июлда ал протоколго кол коюлса, анда ошонун негизинде сууну жана электр энергиясын сата баштайбыз.

- Кыргызстандын Баткен аймагында жайгашкан, бирок көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келаткан мунай жана газ кендерин, газ түтүктөрүн кайра өткөрүп алуу жөнүндө маселе да коюлабы?

- Көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келаткан, мунай жана газ чыккан жерлерибиз – бул «Түндүк Сох» жана «Чоң Каракалча» деген эки чоң массив бар. Ал жерлерде газ да, мунай да кендери бар. «Түндүк Сохто» болсо жер алдында газ сактай турган жайлар бар. Ошолорду Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин коюп жатабыз. Себеби, бул кен байлыктары Кыргызстандын аймагында. Өзбекстан бул кендерди, газ сактоочу жайларды бизге өткөрүп берүүгө 1994-95-жылдарда эле макулдугун берген. Бирок ар кандай себептер менен, чек арага байланыштырып… бербей келген. Биз бул маселени ушул отурумда коебуз.

Андан башка да, биздин аймак аркылуу өтүүчү газ түтүктөрү боюнча маселе каралат. Андай газ түтүктөрүнүн көбүн биз алып бүткөнбүз. Бирок дале болсо алардын колунда бир катар объектилер бар. Алардын бири - 26 чакырымдык «Усть-Атиевский-Фергана» деген 1020 миллиметр диаметриндеги газ түтүгү. Мына ушуну «бергиле» деп жатабыз. «Мындан тышкары, Өзбекстандын Шахимарданына кетчү газ түтүгү бар, ошону 3 айдын ичинде Кыргызстанга өткөрүп бергиле» деген маселе коебуз. «Ошондой эле, «Достуктагы» газ бөлүштүрүүчү жерден кете турган газ түтүгү бар, аны жана «Алты-Арык» деген, «Иттифак» деген газ түтүктөрү бар – мына ушуларды бергиле» деген сөз болот. «Кыргызкыштактын жанында «Орозбеков» деген газ бөлүштүрүүчү станциядан кете турган 219 миллиметрлик газ түтүкчөсү бар – мына ушуларды Кыргызстанга өткөрүп бергиле» деген маселе коюп жатабыз.


- Ташкен отурумунда Ош-Сарыташ-Эркечтам жолун куруу маселеси да талкууга алынат экен. Өзбек тарап жолду курууга кошо турган каражатын эмне себептен кечиктирип жатат деп ойлойсуз?

- Азия Өнүктүрүү Банкынын кредити менен 2004-жылы Ош-Сарыташ-Эркечтам жолун куралы деген план бар. Өзбекстан бул жолдун курулушуна бөлө турган акчасын «быйылкы жылдын бюджетине кирбей калыптыр, эмдиги жылдан баштап ал акчаны карайбыз» деген жооп берген. Ал акчаны да биз Ташкен отурумунун протоколуна киргизип коелу деп жатабыз.

- Базарбай мырза, өткөн жылдын 9 айында 2001-жылдын 9 айына салыштырганда Өзбекстанга кеткен экспорт дээрлик 20 млн. долларга азайып кетиптир. Ал эми коңшулардан ташылып келүүчү товарлардын көлөмү болсо 1998-жылга салыштырганда дээрлик 3 эсеге азайыптыр. Соода алакаларына эмне тоскоол болууда?

- Өзбекстан «кыргыз-өзбек чек арасынын делимитациясы бүтө элек» деп чек ара, жолдордун баарын жаап, бекеттердин баарын бүтөп салса, автоунаалар каттабаса – эч кандай соода алакасы жакшырбайт да. Анын үстүнө «Кытайдын өпкө кагыны баштаган жугуштуу оорулардан сактанабыз» деп, биз менен макулдашпай туруп, өзбек тарап бир топ аракет кылды да. Өзбекстан Борбор Азиянын борборунда туруп, бүт тегерек-четин жаап, кошуналар менен иш-аракетин жүргүзбөсө, жакшы өнүгө албайт да. Аны Өзбекстан деле жакшы билет. Мына Кыргызстандын түштүгүнөн түндүк аймагына, түндүгүнөн түштүк аймагына келчү темир жол унаасынын Өзбекстан аркылуу өтүү акысы – транзит баасы - өтө кымбат. Ташкен отурумунда биз ушул маселени коебуз. Биз алгачкы ирет бул жолугушууда Ташкөмүрдө, Сүлүктүдө, Кызылкыяда казылчу ташкөмүрүбүздү Өзбекстанга сатуу тууралуу сунуш менен чыгабыз.

- Маегиңизге ыракмат.
XS
SM
MD
LG