Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ЖАКЫНДА ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫН РЕФОРМАЛОО БАШТАЛАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Кыргызстандагы программаларынын ичинен өтө маанилүүсү - өлкөнүн Ички иштер министрлигинде реформа жүргүзүү боюнча программасы. Бул күндөрү Бишкекте иш сапары менен жүргөн ЕККУнун төрагасынын полиция иштери боюнча кеңешчиси Ричар Монк журналисттер менен жолугушуп, бул программанын тегерегинде пикир алмашты.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасынын полиция иштери боюнча кеңешчиси Ричард Монк:

- ЕККУ жана ага мүчө болгон 55 мамлекет Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин учурда өзгөчө көңүл бөлө турган факторлордон деп эсептейт. Дүйнөлүк коомчулук ички иштер органдары мамлекеттердеги коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмдүү негизги факторлордун бири экендигин жакшы түшүнөт. Көпчүлүк өлкөлөр бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуулуктун коркунучуна кабылып жатышат. Бардык өлкөлөр азыр ички иштер органдарынын техникалык жабдууларын жакшыртуу, кызматкерлеринин адистик даярдыгын жогорулатуу сыяктуу иштерди жүргүзүү боюнча жардамга муктаж.

ЕККУнун кеңешчиси уюм тарабынан колдоо көрсөтүлүп, Кыргызстанда ишке ашырылмакчы болгон программа боюнча кеңири маалымат берди. Жыйында айтылгандай, өлкөнүн ички иштер органдарына жардам берүү демилгесин 2002-жылдын башында ошол кезде ички иштер органдарын башкарып турган Темирбек Акматалиев көтөрүп чыккан. Андан бери ЕККУнун бир топ эксперттери өлкөдөгү ички иштер органдарынын абалы боюнча байкоо жүргүзүп, министрликтин жетекчилиги менен бирге программа иштеп чыгышкан. Ички иштер органдарын реформалоо боюнча бул программа 8 долбоорду камтыйт. Алардын ичинде ички иштер органдарынын техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу, кварталдык, муниципалдык милицияны түзүү, оперативдүү иликтөөнү, талдоону күчөтүү, чыр-чатактарды жана баш-аламандыкты болтурбаш үчүн ички иштер кызматынын системасын чыңдоо сыяктуу иш-аракеттер бар.

Азырынча ЕККУ бул программаны ишке ашыруу максатында 3 млн. 600 миң евро бөлүүнү чечкен. Ричард Монк белгилегендей, Ички иштер министрлигин реформалоонун негизги максаты – ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аң-сезимин жана маданиятын өзгөртүү. Программанын ачык-айкындыгын камсыздоо маселесине да көңүл бурулмакчы.

«Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо» программасынын алкагындагы долбоорлордун ичинен «Чыр-чатактарды, бейтартиптикти болтурбаш үчүн ички иштер кызматынын системасын чыңдоо» деп аталган долбоор талаш-тартыш пикирлерди жаратууда. Буга байланыштуу ЕККУнун кеңешчиси:

- Бул жерде милиция кызматкерлерине өкмөткө каршы акцияларды басыш үчүн техникалык жардам көрсөтүү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Эл нааразылык билдирүүгө укуктуу, бирок, мыйзам бузууга укугу жок, - деп билдирди.

Бул долбоорго байланыштуу ЕККУнун программасынын улуттук кеңешчиси Шамшыбек Мамыров мындай дейт:

- Бул долбоор боюнча коомдук жерде коопсуздукту тескөө боюнча атайын бөлүмчө түзүлөт. Анын максаты - мыйзамсыз түрдө кандайдыр-бир митинг, пикеттер болуп жатса, коопсуздукка коркунуч келип жаткан учурларды жөнгө салуу. Бул бөлүмчөлөр бүт мыйзамдуу чаралар көрүлүп, аларды такыр эч ким укпай калганда гана ишке киришет. Андан тышкары, илимий изилдөө борборунун базасында атайын аналитикалык борбор түзүлөт. Анда коопсуздук маселелери изилденет.

Ал эми «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова бул маселеге карата төмөнкүдөй пикирин айтты:

- Бизге таанымал көрүнүш - канчалаган чет өлкөлөрдөн келген каражатты чөнтөктөрүнө салып алган чиновниктер көп. Биз, албетте, ички иштер органдарын реформалоо ачык жүрүшүнө, ал иш жүзүндө коомго пайда алып келишине аракет кылабыз. Ал эми программанын жетинчи бөлүгү эмне үчүн бизди коркутуп атат? Эмнегедир анын аталышы «чыр-чатактарды жана коомдук тополоңдорду тескөө» деген мааниде. Митинг, пикет, демонстрацияларды өткөрүү - жарандардын конституциялык укуктары. Эл бул акциялар аркылуу өзүнүн үнүн өкмөткө жеткирет. Бул эл аралык тажрыйба. Демек, жарандардын бул укугу бузулат деп түшүнсө болот.

Учурда бир топ бейөкмөт уюмдар «ЕККУ колдоо көрсөтүп жаткан бул программа жөнүндө эмне үчүн ушул мезгилге чейин коомчулукка маалымат берилген эмес?» деп нааразы болуп атышат. Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо боюнча программа 1,5 жылдын ичинде ишке ашырылышы күтүлөт. ЕККУнун кеңешчиси жыйында айтып кеткендей, программанын мөөнөтү жагдайга жараша узартылышы жана ага кошумча каражат башка эл аралык уюмдардан да бөлүнүшү ыктымал. Кыргызстандын ички иштер органдарын колдоо программасынын расмий түрдө ишке киргизилиши жакында жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG