Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

«АКУЛАК РАЗРЕЗИ» ИШТЕП КЕТЭЭРИ БЕЛГИСИЗ


Сапар Орозбаков, Бишкек Каракече көмүр кенинде көмүр казган «Акулак разрези» акционердик коому 3 жылга «Премикс-центр» фирмасына ишенимдүү башкарууга берилип, үстүбүздөгү жылдын март айында мамлекетке кайра кайтарылып алынган болчу. Анын жаңы жетекчилери мурдагы жетекчилердин ишкананы талап-тоноп, банкрот абалга жеткиргенин айтышат. Алардын оюнда «Акулак разрезинин» абалын оңдосо болот. Бирок ал үчүн мамлекет жардам бериши керек.

“Акулак разрезинин” башкармалыгына төрага болуп жаңы дайындалган Тилек Сабыров аны 3 жыл ишенимдүү башкарууга алган “Премикс-центр” убагы менен кыртыш тазалоо иштерин жүргүзбөй, ишкананын активдерин каалагандай пайдаланып, көзөмөлсүз өзүнүн фирмаларына которуп, ишкананы банкрот абалга жеткиргенин айтат. Өнөр жайы жана инновациялык ишмердүүлүк боюнча кеңештин отурумунда муну тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков да ырастады:

- “Акулак разрезинин” финансылык абалы абдан оор бойдон калып жатат. 2003-жылдын 1 –июнуна карата дебитордук карызы 27,7 млн. сом, кредитордук карызы 116 млн. сом болчу. Mинистр да, “Акулактын” азыркы ээси болгон “Көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Картайбек Муканбетов да, “Акулактын” башкармалыгынын төрагасы Тилек Сабыров да ишкананын абалын оңдосо болот деп эсептешет. Бирок аны мамлекеттин жардамысыз ишке ашырууга мүмкүн эмес.

- Бул таптакыр үмүт үзүлдү деген абал эмес. Эгерде карыздарды артка жылдырып беришсе, ишкана продукцияны көбөйтүүгө жөндөмдүү. Ишкананын башкаруусун жакшыртуу зарыл. Анда салыктар да төлөнөт. Бирок бул үчүн убакыт керек. Баары бир эле күндө бүтүп калбайт. Быйыл көмүр казуунун көлөмүн 150 миң тоннага жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар, - деди Тилек Сабыров.

“Акулактын” жетекчилери өкмөттөн карыздарды реструктуризациялоодон тышкары салыкты азайтып берүүнү жана ишкананын аласасын өндүрүүгө жардам берүүнү сурашат. Каракечедеги көмүр казуучулардын негизги проблемасы - продукцияны сатуу. Алардын көмүрүн көбүнесе Бишкектин ТЭЦи жана бюджеттик мекемелер алышат. Алардын акчасы болбогондуктан, төлөбөй, жылдан жылга сүйрөшөт. Продукциянын 90% өз ара эсептешүү жолу менен жүргүзүлүп, “Акулак” накталай акча көрбөйт.

Кыштан чыгыш үчүн Бишкектин жылуулук борборуна эле 700-800 миң тонна көмүр керек. Өткөн жылы Казакстан жардам берген болчу. Ал мурда алган электр энергиясынын эсебинен көмүр берип, Кыргызстандын эли өткөн кышта үшүгөн жок. Быйыл болсо үмүт өзүбүздүн шахтерлордо. Бирок Каракеченин көмүрүнүн 80% казган “Акулак” Кыргызстанга зарыл көмүрдү казып берээрине толук ишеним жок.

- Жеринде карап көрүш керек. Мүмкүн быйыл “Акулактын” көмүрүнөн баш тартаарбыз. Мүмкүн баарын тартипке кетирип, планга ылайык көмүр казуу туура болуп жүрбөсүн, - деди премьер-министр Николай Танаев.

Анын айтуусу боюнча, быйыл суу көп болуп, Казакстан менен Өзбекстан суу алууга анчалык көңүлдөнбөй турат. Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, Казакстан гана суу алуу тууралуу келишимге кол койду. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жакында болот. Алар макул болуп, келишимге кол коюшкан күндө да алардын суу алаарына ишеним жок. Алардан акча түшпөгөндүктөн, өкмөттүн көмүр сатып алууга каражаты жок.

- Абал мындай – Токтогул суу сактагычында азыр 17 млрд. 400 млн. куб метр суу бар. Эгерде электр энергиясына айлантып сууну кое бербесек, июль айынын акырында суу сактагыч толуп кетет. Аргасыздан сууну бекер кое берүүгө туура келет. Биздин кошуналар принцибинде ошону күтүп жатышат. Биз Бишкек ТЭЦине көмүр топтой тургандай акча ала албайбыз. Ошондуктан мурдагыдай эмес, башка чечим кабыл алууга аргасызбыз, - деди Николай Танаев.
XS
SM
MD
LG