Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

ӨЛТҮРҮЛҮП, ӨРТТӨЛГӨН КЫТАЙЛЫК ЖАРАНДАР БОЮНЧА ШЕКТҮҮ АДАМДАР АНЫКТАЛДЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 27-мартта Кочкордун Сарыбулак айылына жакын жерде кытайлык 21 жарандын белгисиз адамдар тарабынан тонолуп, өлтүрүлүп, отурган автобусу менен кошо өрттөлүшү көпкө чейин коомчулуктун көңүлүн буруп келди. Андан бери үч айдан ашуун убакыт өткөн соң гана ага байланыштуу шектүү адамдар аныкталганы тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Бирок, азырынча алар кармала элек.

Ушул жылдын 27-мартында Кочкор жергесинде болуп өткөн каргашалуу окуя алигиче коомчулуктун көңүл түпкүрүндө орун алып келет. Болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен коштолгон 21 адамдын өлүмү, алардын автобус менен кошо өрттөлүшү буга чейин кыргыз жергесинде болуп көргөн эмес. Эң башкысы – кыйноо менен өлтүрүлгөндөр кошуна Кытай өлкөсүнүн жарандары болуп, ал Тышкы иштер министрлигине атайын нота менен кайрылганы, Кыргызстанга шектенүү менен караганы да коомчулуктун эсинде. Окуя болгондон эки күндөн кийин эле ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев маалымат жыйынын өткөрүп, бул оор кылмыш боюнча шектүү адамдар бар экенин айткан болчу.

Ошентип ал шектүү адамдар ким экендиги, алар кайсыл өлкөнүн жарандары экени 3 айдан соң гана билинип отурат. Эң башкысы - мындай оор кылмышка баргандар кошуна Кытайдын жарандары экени аныкталып, аларды издөө иштери улантылууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мындай оор кылмыштар кыргыз жергесинде жаңы көрүнүш болуп, анын учугу чет мамлекеттерден келген жарандар менен байланыштуу болуп чыгып атат. Алсак, акыркы 10 жылда Кыргызстанда Кытай жарандарына байланыштуу ар кандай 10 кылмыш иши катталса, анын 8 ачылып, экөө алигиче ачылбай келген. Ачылган кылмыш иштердин алтоосунун «авторлору» Кытайдын жарандары болуп чыгышкан. Ал эми эки кылмыш кыргызстандык жарандар тарабынан жасалган. Кытайлык жарандарга тиешелүү кылмыштар өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланаарын ички иштер министринин орун басары Болотбек Ногойбаев бышыктайт:

- Ушул оор кылмыштардын бардыгы бизге сырттан келген кылмыш деп айтсак туура болот. Анткени мына карап көрсөңүз: Кытайдын консулун аткандар Кытайдын жарандары болду. Бул жерде уйгур диаспорасынын төрагасын аткан да Кытайдын жараны болуп чыкты. Андан кийин Кытайдан келген коопсуздук кызматынын кызматкерлерине кол салуу болуп, анда 3-4 киши каза болуп, бир-эки киши жарадар болгон. Ал кылмыштын артында дагы эле Кытайдын жарандары турган.

Бирок, Кыргызстанда кылмыш окуяларынын көп болушун, коррупциянын гүлдөп өнүгүшүн дайым эле чет өлкөдөн келген жарандарга таңуулай бериш да туура эместир. Өлкөдө орун алган мыйзамсыздык, мамлекет башчысы айткандай, «Өкмөт Үйүнүн жетинчи кабатына чейин чыккан коррупция», чет өлкөдөн келген жарандарга болбогон аз акча үчүн Кыргызстандын паспортторунун сатылышы, айрым тартип коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү кылмышкерлер менен табакташ болуп кетиши – мунун баарына чет өлкөлүк жарандардын анчалык тиешеси жоктой. Ошол эле учурда, айрым адистердин айтуусуна караганда, оор кылмыштарды ачууга жогорку бийлик жетекчилери анчалык ынтызар эмес өңдүү. Анткени Шалкар Жайсаңбаевдин кармалышы, Жусуп Көлбаевди өлтүрүүгө ким буюртма бергени, Мисир Ашыркуловго кол салууну ким уюштурганы тууралуу жана башка маалыматтардын коомчулукка ачык айтылышы азыркы бийлик ээлеринин аброюна тескери таасир бериши мүмкүн. Ага карабай, 27-марттагы кылмыштын бети 3 айдан кийин ачылып отурат. Ал кылмышты жасагандар ким экени тууралуу ички иштер министринин орун басары Болотбек Ногойбаев мындай дейт:

- Биздин чогулткан маалыматтар боюнча, бул кылмышты дагы Кытайдан келген уйгур жигиттер кылган. Аны бышыктоочу документтер бизде бар. Алар Кытайдын аймагында кылмыш кылгандан коркуп, «бул жерде өлүм жазасына тартпайт» деп, ушул жерден кылмыш кылып жатышат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, азыр шектүү адамдар аныкталды, бирок али кармала элек. Балким алар Шалкар Жайсаңбаев сыяктуу көпкө чейин кармалбастыр…
XS
SM
MD
LG