Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

ЭГИЗДЕР АЖЫРАТЫЛДЫ, БИРОК АМАН КАЛГАН ЖОК


Баш сөөктөрү жупташып калган ирандык эгиз кыздар хирургиялык операцияны көтөрө алышкан жок. Сингапурлук дарыгерлер эгиздерди ажыратууга жетишти, бирок операция учурунда канды көп жоготуп койгон кыздардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду. Эгер оңунан аяктаганда, бул аракет дүйнөлүк медицинадагы зор жаңылык болмок.

29 жаштагы бир туурган кыздар Лалех жана Ладан Бижанинин жупташып калган башсөөгү жана мээсин экиге бөлүүнү максат кылган операция дарыгерлер мурда күткөндөн узакка созулду. 28 дарыгер жана алардын 100дөй жардамчысы эки суткадан ашуун тынбай иштешти. Эгиздердин башсөөгү менен мээсинин ашталышы адистер болжолдогондон да бекем болуп чыкты. Операцияны жекшемби күнү башташкан дарыгерлер шейшембиде жергиликтүү убакыт боюнча түш оогонго чейин алардын башын жана мээсин экиге ажыратып, ар бирине өз-өзүнчө кан айлануу системасын камсыз кылууга жетишти. Бул үчүн эгиз кыздардын биринин балтыр этинен алынган вена кантамырлары экинчисинин башына тигилген. Эгиздердин мээсинде бириккен кантамырлар мурда болжолдонгондон да көп болуп чыккандыктан аларды ажыратууга узак убакыт кетти. Натыйжада эгиздер көп кан жоготуп, операциядан кийин кан басымдары төмөндөп кеткен. Алгач бир тууган кыздардын Ладаны андан кийин Лалеси көз жумду. Аларга операция жасоого батынган Сингапурдун Раффлз ооруканасынын башчысы Лу Чун Йонгдун айтымында, операция учурунда тобокелчилик өтө эле жогору экенин дарыгерлер да, эгиз кыздар да билишкен:

- Биз бул ишке баш байланганыбызда тобокелчилик жогору экенин билгенбиз. Биз алардын экөөсүн тең жоготуп коюшубуз мүмкүн эле. Ладан менен Лале да муну билишкен. Биз жамандыкка караганда жакшылыктан көбүрөөк үмүт кылып аракеттенгенбиз, бирок биз муну жасай албадык.

Ошентип, дүйнөдө жупташкан эгиздерди өспүрүм курактан өтүп калганда ажыратуу максатында жасалган биринчи операция кайгылуу аяктады. Эгер ал оңунан бүткөндө медицинадагы зор жаңылык болмок. Мындан жети жыл илгери Ладан жана Лале Бижанини алардын жаш курагынан улам германиялык дарыгерлер операция жасоодон баш тартышкан экен. Эгиздер акыркы жети айдан бери Сингапурдун Раффлз ооруканасында дарыланып жатышкан. Себеби, дал ушул оорукананын дарыгерлери жупташып калган непалдык эгиз кызды он айлык кезинде ажыратышкан. Эгиз кыздардын операциясына сарпталуучу 300 миң доллардай акчаны Иран өкмөтү төлөп берүүгө макул болгон эле. Өлкөнүн вице-президенти Мохамед ал-Абтахинин кабарчыларга билдиргенине караганда, операциянын ийгиликсиз аякташы бүткүл ирандыктарды кайгыга батырды. Эмнеси болсо да Лале жана Ладан Бижанинин тагдыры көптөрдү таң калтырбай койгон жок. Алар көп балалуу жакыр үй-бүлөдө төрөлгөнү менен дарыгерлердин кароосу астында өскөн. Башсөөктөрү жупташып калганына карабай, автоунаа айдоого, Тегеран университетин аяктоого жетишишкен. Эгер аман-эсен ажыратылса, бири юрист, экинчиси журналист болуп иштөөнү эңсешчи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG