Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

ПА: ПРЕМЬЕРДИН ОЮНУБУ ЖЕ ЧЫНЫБЫ?


Палестин автономиясынын (ПА) жетекчилигинде кризис тутанды. Премьер Махмуд Аббас (Абу Мазен) палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылынын (ФАТХ) борбордук комитетинен чыкты жана эми өкмөт башчылыгын да тапшырганы жатат. Бирок кыймылдын комитети анын отставкасын кабыл алган жок жана Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн атайын делегация жөнөттү. Бул учурда палестин радикалдары арасында, айрыкча “Ислам жихады” уюмунда ич ара араздашуулар башталды. Жихадчылардын айрым бөлүктөрү интифаданы улантууда,бирок алардын аракеттери туурасында уюмдун жетекчилиги кабары жоктугун айтууда.

Палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылын (ФАТХты) уюштурганга Ясир Арафат менен бирге Махмуд Аббас (Абу Мазен) да катышкан. Кийин бул кыймыл Палестинанын боштондук уюмунун (PLO) өзөгүн түзгөн. Азыр ага Арафат төрага, Аббас – анын орунбасары. Абу Мазен эми найып төрагалыктан, бир эле мезгилде борбордук комитеттин мүчөлүгүнөн баш тартты. Ич ара пикир келишпестиктер ушундай чечимге аргасыз кылды, деп айтты Аббас өзү шаршемби күнү Рамаллада Reutersтин кабарчысына. Бирок ал кайсы маселелерде палестин жетекчилери тил табыша албай жаткандыгын тактаган жок. Арафатка жолдогон катында Аббас премьер-министр катары анын позициясы натуура деп эсептелинсе,анда бул кызматтан да кеткенге даяр экендигин ырастап, Израилге кандай талаптарды коюу керектигин эми кыймыл өзү сунуш кылсын деп билдирген.

Байкоочулардын ишениминде, Аббастын абалы бир топ эле кыйын. Аны бир жагынан ФАТХтын мүчөлөрү Израилдин көп талаптарына көнүп берди деп кинелешет. Аббас өзү болсо Израил анын талаптарын аткарбайт деп чочулайт. Атап айтканда, ушу тапта израил түрмөлөрүндө алты миңден, айрым эсептерде атүгүл сегиз миңден ашуун палестин тургундары кармалып жатат. Жөөт өкмтү болгону алардын беш процентке жетип-жетпегенин гана камактан чыгарды. Мындай шартта Аббас палестин радикалдарын интифададан кармап кала албайт. Андан калса Израил аскерлештирилген бардык палестин топторун күчкө салып басып,таркатууну каалайт. Буга Аббас караманча макул эмес.

Палестин автономиясынын атынан мурда израилдиктер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген Саеб Эрекат акыркы окуяларды комментариялап, Аббастын кадамын палестин жетекчилигинде олуттуу жиктелүү пайда болгонун ырастаган жышаанга жоруду. Аббастын чечиминде эч кандай кыйдылык жок, деп айтты Эрекат. Аббас бар болгону региондогу процесстин үзгүлтүккө учурашына жалгыз өзү жоопкер болгусу келбейт. Эгер анын позициясын кыймылдын мүчөлөрү натуура деп эсептешсе, анда бардык иштин жоопкерчилигин ФАТХ өзүнө алышы керек.

Өткөн аптада палестин радикалдары, айрыкча “Ислам жихады” уюму Израилден түрмөдөгү бардык палестин кишилерин бошотууну талап кылып, мындай шарт аткарылбаса жарашуу келишиминен чыга тургандыгын айтышкан эле. Махмуд Аббаска жихадчылардын лидери менен кайрадан жолугушканга туура келген. Бирок жихадчылар өздөрү да ич ара аразын баса албай жаткан шекилденет. Эмнеге дегенде дүйшөмбү күнү Тель-Авивге жакын жерде жасалган террордун жоопкерчилигин жихадчылардын Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бөлүмү өзүнө алган эле. Арадан бир нече саат өтпөй уюмдун жетекчилиги мунун төгүнгө чыгарып, баштагыдай эле жарашуу шартын сактай тургандыгын ырасташты. Ал эми Аббастын кадамын жихадчылар автономиянын жетекчилигиндеги ички иштерге дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте Кошмо Штаттардын назарын буруп, алардын колдоосун алганга эсептелинип жасалган чечим катары баалашты.

Эмнеси болсо да Вашингтон премьер Махмуд Аббастын өкмөтүнө өбөк-жөлөк түзгөнү автономиянын карамагына шашылыш түрдө 20 миллион доллар финансылык жардам бөлүп жаткандыгы маалым болду. Муну Ак үйдүн өкүлдөрү ырасмий түрдө бейшемби күнү ырастаганы жатышат. Мунун алдында болсо Евросоюз палестин автономиясына гуманитардык жардам иретинде 10 миллион евро которгондугун жарыялады.

Айтмакчы,ФАТХтын борбордук комитети, жеке Арафат өзү Аббастын партиялык кызматтан баш тарткан арызын кабыл алган жок. Аббас менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,аны бул кадамдардан айнытканы атайын делегация жөнөтүлдү.
XS
SM
MD
LG