Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

ИРАН КОШУМЧА ПРОТОКОЛГО КОЛ КОЙОБУ?


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадейи учурда иш сапары менен Иранда жүрөт. Визиттин максаты – иран бийликтерин Өзөктүк куралдарды таратпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин Кошумча протоколуна кол коюуга көндүрүү. Муну менен Ирандагы өзөктүк жайларды МАГАТЭнин эксперттери каалаган учурда, эч тоскоолдуксуз инспекциялоосу үчүн жол ачылышы керек.

Иран Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимге 1970 – жылдары эле кол койгон. Ал эми аталган келишимдин Кошумча протоколу 1991- жылы, Иракта өзөктүк куралдарды өнүктүрүү боюнча жашыруун программа бар экени билингенден кийин пайда болду. Кошмо Штаттар бир топтон бери Иранды да эл аралык келишимдин шарттарын бузуп, өзөктүк куралдар программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап келүүдө.

Атомдук программалары бар экенин Иран жашырбайт, бирок Тегерандын ырастоосунда, алар тынчтык максатты, атап айтканда өлкөнүн энергетикалык муктаждыктарын камсыз кылууну гана көздөйт. Мындай шарттарда талаш маселени , албетте, үчүнчү тараптын тактоосу талап кылынат. Аталган милдет статусуна ылайык, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюмуна жүктөлүүдө. Ирандын өзөктүк куралдар программасынын чын- бышыгын жетүү үчүн аталган уюмдун эксперттери, күн мурунтан эскертпестен туруп эле кең-кесири инспекция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Ал үчүн Ирандан Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин Кошумча протоколуна кол коюу талап кылынат.

Ушул маселе эл аралык коомчулукта Ирандын өзөктүк куралдар программасына байланышкан азыркы талкуулардын предмети болууда. Андыктан, МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадейинин визити да расмий Тегеранды ошол Кошумча протоколго кол коюуга ынандыруу максатын көздөйт. Бул тууралуу МАГАТЭнин өкүлү Мелисса Флеминг айым өткөн аптада биздин радиого берген маегинде төмөнкүлөрдү айткан эле:

- Кошумча протоколго Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге катышкан ар бир өлкө кол коюшу керек. Биз ага Иран эле кол койсун деп жаткан жерибиз жок. Ага баары кол коюшу зарыл жана бир нече өлкө муну жасады. Өзгөчө граждандык максаттагы кеңири өзөктүк программасы, уранды байытуу пргораммасы бар Иран сыяктуу өлкөлөрдөн биз Кошумча протокол дүйнөгө өзөктүк куралдар боюнча эч кандай жашыруун программа жок экендиги жөнүндө кепилдик бергидей айкындыкты камсыз кылышын көргүбүз келет.

Иранды сөз болгон документти кабыл алууга анын өзөктүк программалар боюнча өнөктөшү Орусия да чакырууда. Расмий Москванын эсебинде, Кошумча протоколго кол коюу менен Иран өзөктүк программалары тынчтык максатты гана көздөөрүн далилдей алат. Орусия Иранга Бушехр атомдук электростанциясынын курулушу үчүн реакторлорду жана башка жабдууларды сатканы маалым.

Тегеранды Кошумча протколду кабыл алып, МАГАТЭнин инспекциясына жол ачууга анын негизги соода өнөктөштөрү катары эсептелген Европа Биримдиги менен Жапония да үндөп жатат. Эки тарап тең өткө аптада эгер Иран инспекцияга көнбөсө соода алакаларын кыскартууну караштырарын ишара кылышты. Маселен, британ тышкы иштер министри Жек Стро жакында Тегеранда болгон учурунда иран бийликтерине өзөктүк программаларга байланышкан пикир келишпестиктер соода алакалардын солгундашына алып барышы ыктымал экенин эскерткен эле. Ал эми Жапония Ирандагы Азадеган мунай кенин биргелешип иштетүүгө байланышкан макулдашууларды жыйынтыктоону убактысынча токтотту.

Эмнеси болсо да Иранга азыр эл аралык кысым күчөгөн кез. Тегерандын буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, алар Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин Кошумча протоколуна кол коюу зарылдыгын тааныйт. Бирок, Иран бул документти кабыл алаардан мурда өзөктүк технологиялар жаатында ага каршы киргизилген санкциялар жоюлушу абзел. Себеби арасында АКШ бар 40тай өлкө тынчтык максатта колдонулуучу өзөктүк жаңы технологияларды Иранга сатууга эмбарго киргизген. МАГАТЭнин башчысы Мохаммед ал-Барадейи Тегеранга келер алдында, кабарчылар менен болгон маегинде Ирандын өзөктүк жайларын эл аралык инспекторлор үчүн ачуусу - санкциялардын акырындык менен жоюлушун шарттаарына ишеним билдирди. Ал-Барадейи буга Иран бийликтерин ынандыра алабы же жокпу? Муну алдыдагы күндөр көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG