БИШКЕК. ЮСАИД уюмунун «Прагма» корпорациясы аркылуу иштеп жаткан «Ишкердикти өнүктүрүү» долбоору Ооганстандын рыногун Борбор Азия өлкөлөрүнүн товарларынын эсебинен кеңитүүгө ынтызар. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Бизнес-Консалтинг» борборунун директору Кэтлин Данкл билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында Кабулда, Гератта жана Мазари-Шарифте иликтөө иштери жүрдү. Анда аныкталганга караганда, Ооганстанда Кыргызстандын товарларына орун бар жана алар негизинен курулуш материалдары жана азык-түлүк товарлары менен байланыштуу. Бул долбоордун алкагында «Прагма» менен Кыргызстандагы Ишкерлер ассоциациясы кызматташууда. Алардын кызматташтыгы Кыргызстандын товарларын экспорттоо жана Казакстан, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдөн реэкспорттоо багытында жүрөт. Бул тууралуу ушул эле маалымат жыйынында ассоциациянын төрагасынын орун басары Сергей Магай билдирди.