Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Эл аралык уюмдар Кыргызстанда ок атуучу куралдардын көбөйүшүнө кабатыр болушууда


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы менен «Хьюман Райтс Уотч» уюму Кыргызстанда ок атуучу куралдардын өтө көбөйүп кетишине жана алардын көп колдонулуп жатканына кабатырлануу билдиришти. «Өлкөдө ок атуучу куралдардын жайылышы мамлекеттин коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, Кыргызстанды Сербия, Нигерия, Гватемала жана Камбоджа менен бир катарга коет» деп билдиришет эл аралык уюмдар. Алардын пикиринде, абалды оңдош үчүн кыргыз бийлиги «Курал-жарак сатууга тыюу салуу жөнүндөгү» эл аралык келишимге кол коюп, ок атуучу куралдарды Кыргызстандын аймагында сатууга, сатып алууга каршы эрежелерди күчөтүшү зарыл. Бул тууралуу бүгүн «Сentran.ru» агенттиги маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG