Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Кант аба майданы боюнча макулдашуу келерки айдын башында кабыл алынмак болду


БИШКЕК. Орусиянын аскер күчтөрүн Кант аба майданына жайгаштыруу тууралуу макулдашууга кол коюу июль айынын этегине болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында коргоо министри Эсен Топоев билдирди. Анын айтымында, Кант аба майданына Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында жайгашмакчы болгон авибазанын каржылык схемасын талкуулоо уланууда. Бирок, айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Орусия тарап чыгымдардын негизги бөлүгүн төлөп берүүнү убада кылып жатат. Ал эми орусиялык эксперттер Кант аэропортун ремонттоп, калыбына келтирүү иштерин 70 млн. рублге баалап жатышат. Э. Топоевдин айтымында, учурда аба майданынын 70% бүткөнү калды. Аскер кызматчылары күз айларынан тартып Кантка жайгаша баштайт. Алардын саны 500гө жакын. Айрым маалыматтарда Кантка СУ-27, СУ-25 үлгүсүндөгү 10 аскерий учак келээри болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG