Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

ЕККУнун ТӨРАГАСЫНЫН АЙТЫМЫНДА, КЫРГЫЗСТАНДА ПРОГРЕСС ДА, ПРОБЛЕМАЛАР ДА БАР


9-июлда ЕККУнун азыркы төрагасы Яап де Хооп Схеффер Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, өкмөт башчысынын орун басары Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккан соң маалымат жыйынын өткөрдү. Төрага Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалга оң баа берип, бирок сөз эркиндиги, адам укугу жаатында проблемалар бар экенин белгиледи.

ЕККУнун азыркы төрагасы Кыргызстанда кадыресе прогресс дегидей жылыштар бар экенин айтты. Ал Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму үч негизги принципке өзгөчө басым жасаарын отургандардын эсине салды.

- Биринчи кезекте бул ЕККУнун үч негизги чен өлчөмүнө бирдей мамиле жасоону билдирет, - деди Схеффер мырза. - Алар - саясий, экономикалык, экологиялык жана адам укугуна тийиштүү маселелер. Экинчиден, нидерланддыктар өзгөчө маани берген маселе – бул киши сатуу, баңгизаттарды, атуучу куралдарды сатуу. Үчүнчүсү - ЕККУга кирген өлкөлөрдүн географиялык катышы, Венанын чыгышы менен батышында жашап жаткан өлкөлөрдүн проблемалары. Соңку кездери биз Борбор Азияга көбүрөөк көңүл бура баштадык. Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы эки тарапка тең пайдалуу нукта жакшы өнүгүп жатканын айткым келет. Анткен менен биз өзгөчө маанилүү деп эсептеген маселелер бар. Ал – демократиянын өнүгүшү, мыйзамдуулуктун үстөмдүк кылышы. Мен кыргыз өкмөтүнөн өлүм жазасына мораторий жарыялоону дагы узартууну өтүндүм. Ошондой эле мен Улуттар Уюмунун «Кыйноолорго тыюу салуу жөнүндөгү» конвенциясына тезирээк кол коюуну өтүндүм. Мыйзамдуулуктун үстөмдүгү, демократиянын өнүгүшү сөз эркиндигине шарт түзөөрүн айттым.

«Нидерландыда деле чиновниктер журналисттердин жазганын жактырбайт, бирок ага карабастан сөз эркиндиги сөзсүз болушу кажет», - деди Схеффер мырза. Бейөкмөт уюмдар менен жолугушуу учурунда «Ички иштер органдарына көмөк көрсөтүү» программасы талкууланганына токтолгон Схеффер мырза сөзүн мындайча улантты:

- Тилекке каршы, айрым бейөкмөт уюмдардын мурда жана бүгүн айткан сын пикирлерин уга албадым. Алар жолугушууга келбей коюшту. Бирок алар сын пикирлерин кийин деле айтышка толук мүмкүнчүлүктөрү бар. «Ички иштер органдарына жардамдашуу» программасы жакында ишке киришет. Мен болуп өткөн чатакты билем. Ошондой чатактар болбошу үчүн, ички иштер органдарынын иши ачык, калк каалагандай болушу үчүн аларды реформалоого көмөк көрсөтүп жатабыз. Ички иштер кызматы эл менен тыгыз карым-катышта болушу керек. Ички иштер министрлиги реформа боюнча бейөкмөт уюмдар, маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта иштешип, программаны элге тааныштырууга аракет кыла тургандыгын айтышкандыгы мага жакты. Өлкөнүн өнүгүшүндө прогресс байкалууда. Бирок биз дагы көп иштерди жасоо керектигин, толгон-токой тоскоолдуктарды жеңип өтүү зарылдыгын көрүп турабыз. Мыйзамдуулук, демократташтыруу жаатында көп проблемалар бар. Антсе да алдыга умтулуу аракети байкалып туру.

ЕККУнун азыркы төрагасы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушаар алдында уюмдун Бишкектеги үйүнүн жанында бир топ бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү нааразылык билдирип турушту. Чогулгандардын пикиринде, ички иштер кызматын мурдагыдан бетер күчтөндүрүү коом үчүн коркунучтуу. Адам укугу боюнча кыргыз-америкалык бюронун директору Наталья Аблова жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Көрүп атасызбы, долбоор тууралуу апрелден бери бизге эч кандай маалымат бербей келишти. Биз тынч, долбоор канча акчага бааланганын билгени гана келгенбиз. Долбоор адам укугун тарытат. Конституция боюнча, акыры биз өлкөбүздө эмне болуп атканын билип турушубуз керек го. ЕККУ - демократиялык уюм, бирок өзү мыйзамды бузуп атат. Маалыматты болсо биз Бейөкмөт уюмдардын эл аралык тилектештик уюмунан алдык.

ЕККУнун ички иштер кызматын реформалоо боюнча долбоорунун кызматкери Шамшыбек Мамыровдун айтымында, долбоордо курал берүү тууралуу кеп жок.

- ЕККУнун Ички иштер министрлигин колдоо тууралуу долбоорунда курал берүү тууралуу сөз жок . Курал тууралуу айтылган эмес, - дейт ал.

XS
SM
MD
LG