Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

МИРЛАН АРСТАНБАЕВ: БРИТАНИЯДА КӨЧӨДӨ КАЛГАН КЫРГЫЗДАР БАР


Британияда бүгүн 3 жарым миңге чукул кыргыз жашап жатат. Алардын жагдайын сураштырсак, арасында кесиби боюнча жергиликтүү эл менен тең тайлашып иштеп, мыкты жашап кеткендер бар. Бирок аларга караганда, мыйзамсыз жалданып иштеп жаткандар жана жумуш таба албай жүргөндөр алда канча көп. Арасында мыйзам бузуп, соттолгондор кездешет. Ай сайын Британиядан эки-үч кыргыз депортацияланат. Кыргызстандын Лондондогу элчилигинин катчысы Мирлан Арстанбаев ушул темада "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Катчы алгач Британиядагы кыргыздар туш келип жаткан кыйынчылыктарга токтолду.

Мирлан Арстанбаев: Биздин маалымат боюнча, Британияда азыр 3 жарым миң кыргызстандык жашайт. Бирок биздин консулдук каттоодон 100 гана киши өттү. Кыйынчылыктар көп. Алардын көбү Британиянын мыйзамдарын жана англис тилин билбегенден пайда болот. Кыргызстандыктардын 90 пайыздан ашыгы студенттик виза менен келет. Бул виза Британиядагы жогорку окуу жайда, орто мектерте окууга уруксат берет, андан тышкары компанияларда же ишканаларда (жумасына) 20 саатка чейин иштегенге уруксат берет. Бирок кыргыздардын көбү 20 сааттан ашык иштешет, 80-90 сааттан иштегендер бар. Бул Британиянын эмгек мыйзамдарына каршы келет. Ошондуктан иштегени мыйзамсыз болуп чыгат.

Жаңыл Жусубжан: Кыргыз жарандары депортацияланган учурлар болдубу?

Мирлан Арстанбаев: Болду. Өткөн жылы, быйыл көп кыргызстандык депортация болду. Так санын азыр айта албайм, бирок бир айда 2-3 адам сөзсүз депортация болуп жатат.

Жаңыл Жусубжан: Британияга жумуш издеп барам дегендерге кандай кеңеш бере аласыз?

Мирлан Арстанбаев: Көбү тааныш, коңшу, туугандарга ишенип эле келе беришет, мыйзамдарды билбейт, англис тилин билбегендер көп, (натыйжада) көбү алданып калып жатат. Жумуш таба албай, көчөдө калгандар деле болгон. Ошон үчүн Британияга жөнөөрдөн мурда тышкы иштер министрлигинин миграция департаментине кайрылган туура болот деп ойлойм. Андан тышкары консулдук башкармалыкка кайрылып, кеңеш алып, анан келсе жакшы болот эле. Дагы бир проблема бар, Британияда кыргыздар элчиликтен качышат, башына иш түшкөндө гана кайрылып калышат. Ушундан улам да биз көп кыйынчылык тартып жатабыз.

Жаңыл Жусубжан: Силерге кайрылбай жатканы, полицияга тапшырып, депортациялап ийет деп коркушат болуш керек да.

Мирлан Арстанбаев: Туура, сиз айткандай, кыргызстандыктардын арасында бизди полицияга тапшырат экен деген имиштер айтылып жүрөт. Бул туура эмес. Биз эч кимди полицияга тапшырбайбыз. Тескерисинче, кеңеш берип жардам көрсөтүп турабыз.

Жаңыл Жусубжан: Депортациялангандарга Британиянын мыйзамдары кайра кайтып келүүгө уруксат береби, же ошол бойдон өлкөгө эч качан кире албай турган болушабы?

Мирлан Арстанбаев: Бул боюнча британиялык элчиликке жана ички иштер министрлигине кайрылышыңызды сурайм. Бул менин компетенцияма кирбейт.

Жаңыл Жусубжан: Батыш өлкөлөрүндө кара тизмеге түшүп калгандан кийин кайтып келүүгө катуу чектөөлөр коюлат эмеспи. Дагы бир маселе. Британияда кара жумушта иштегендердин деле айлыгы жакшы деп айтылып жүрөт. Ал жактагы кыргыздардын турмушу кандай? Же айлыгын толук ала алышпай, алданып калган учурлар барбы?

Мирлан Арстанбаев: Албетте Кыргызстанга салыштырганда, бул жактын айлыгы аябай эле жакшы. Бирок ал акчаны табыш оңой эмес. Мен айтып кеткендей, студенттер (жумасына) 20 саат гана иштей алышат. Кыргыздар ишти далдалчы фирмалар аркылуу табат, ал эми фирмалар тапкан акчасынын 50 пайызына чейинкисин алып коюшат. Жумуштары оор.

Жаңыл Жусубжан: Иш бергендер мыйзамсыз иштегендердин акысын бербей, кубалап жибериши да мүмкүн. Ошондой коркунуч барбы?

Мирлан Арстанбаев: Албетте бар. Кээ бир биздин адистер ушундай кыйынчылыктарга да учурайт. Быйыл үч кайрылуу болгон. Кожоюндары иштетип, акырында айлык төлөбөй кууп чыккан.

Жаңыл Жусубжан: Алардын колунда келишими болбогондон кийин, укугун талаша албайт да, туурабы?

Мирлан Арстанбаев: Абдан туура.

Жаңыл Жусубжан: Мирлан Арстанбаевге угармандар үчүн маанилүү суроолорго жооп бергени үчүн ыраазылык билдиребиз. Жалпылап айтканда, Британияда мындан эки жылча мурда 4 жарым миң кыргызстандык болсо, бүгүн бул сан бир миңге азайган. Британияда чет элдиктерге карата мыйзамдар күчөтүлүп жаткандыктан, мындагы кыргыздардын саны дагы азайып, келерки жылы 2800гө түшүшү күтүлөт.

Тумандуу Албиондо чындап окуп жаткан студент, стажерлер өтө аз, расмий программалар менен жылыга 10 чакты гана киши келет. Акыркы 10 жылда ар түрдүү проекттер аркылуу Британияда 80 киши окуп кетти.

Европа Союзунун эски мүчөсү болгон Британияда бүгүн мыйзамдуу жол менен келип, кесиби боюнча мыйзамдуу иш таап, ак эмгегинен баар таап жашап жаткан кыргыздар да жок эмес. Музыкадан сабак берген пианист Клара Фрей-Чотоева, Кэмбриж университетинде эмгектенген физик Базбек Далетов, Би-Би-Си радиосунда иштеп, илимий эмгегин улантып жаткан тарыхчы Арслан Койчиев сыяктуу кыргыздын сыймыктуу уул-кыздары бар. Тилекке каршы, андайлар да өтө аз. Кыргыздардын көбү тейлөө тармагында (мейманканаларда, ресторандарда), заводдордо, балык иштетүүчү ишканаларда, курулушта жана башка кара жумуштарда иштешет. Кыздарга жумуш табыш жеңил: эгер бир кыз, бир жигит бир жерге иш сурап барса, кызды алышат, анткени кыздар жоопкерчиликтүү деп саналат.

Айрымдары өз жердештерин алдап, дагы башка иштерге барышат. Ушул кезде бир жигит "адамдын өлүмүнө коркунуч келтирген" деп соттолуп жатат. Экинчиси быйыл порнографиялык материалдарды таркатканы үчүн сот жообуна тартылып, 100 фунт стерлинг айыпка жыгылган.
XS
SM
MD
LG