Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

ОШ ШААРЫ СТРУКТУРАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ ДУУШАР БОЛУУДА


Кожогелди Култегин, Ош Республикалык маанидеги шаар статусун алгандыгына байланыштуу Ош шаары Ош облусунун курамынан чыгып, структуралык бир катар өзгөрүүлөргө туш болууда. Бул жагдайдагы айрым маселелер тууралуу бир катар суроолор менен Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылдык.

- Жантөрө Жолдошевич, Ош шаары Ош облусунан бөлүнгөндө өзүнчө бир проблемалар да чыкпай койбосо керек?

- Эң чоң проблема - Ош шаары Ош облусунан бөлүнүп кетиши көп кишилерге психологиялык жактан оор болду деген оюм бар. Бөлүнүү дайыма бул керектүү процесс. Чыгып кетип атканы «азыраак алып калдым» дейт, берип атканы «көбүрөөк бердим» дейт.

- Мына ошол өзүнчө түтүн булатканда шаардын бир катар мурдатан келаткан мекемелери, тагыраак айтканда бөлүмдөрү облустук деңгээлдегидей башкармалык болуп түзүлүп жатат. Жаңыдан дагы өзүнчө бөлүмдөрдү, ал тургай башкармалыктарды түзүү аракеттери жүрүүдө. Алар үчүн 2003-жылга бюджеттен акча каралган эмес. Андыктан карама-каршылыктар да пайда болуп жатса керек?

- Мекеме, ишканалардын бардыгынын маселеси бюджеттин тартыштыгына байланыштуу. Себеби, ушул мыйзам жазылып атканда да, өкмөттүн токтому даярдалып атканда да быйылкы жылга Ош облусуна каралган бюджеттин өлчөмүнүн эсебинде берилген. Ошонун негизинен башкармалык болуш үчүн 12-13 киши болуш керек болсо, азыр биз 5-6 киши менен ишти баштадык. Менин оюмча, азыркы тапта бул нормалдуу процесс. Эми 2004-жылдын бюджетине азыр иштеп атабыз. Бардык кадимкидей башкармалыктар түзүлөт деген оюм бар.

- Ош шаары, демек килейген объект Ош облусунун курамынан чыгарылгандан кийин Ош облустук башкармалыктарында иштегендердин саны да кыскарыш керек го дейм. Анткени Ош шаарын тейлебей калышпадыбы?

- Бул туура. Себеби, мурун Ош шаары менен Ош облусу бирдикте турганда ошол эле башкармалык Ош шаарын кошо тейлеген, ошол эле кызматчылар азыр тиешелүү түрдө кимге канча иш көлөмү өтсө, ошонун негизинде бөлүнүп атышат. Менимче бул мыйзам ченемдүү процесс. Аны оор кабыл алган жетекчилер да бар.

- Жантөрө Жолдошевич, дагы бир кызык жагдай чыгып атат, юридикалык жагынан алганда. Мына өткөндө Кыргызстандын Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгү ачылбадыбы. Алардын Ош облусун тейлөөчү, текшерүүчү кызматкерлерин азыр Ош шаарынын мекеме, уюмдары кабыл албай койсо болобу? Себеби, документтеринде «Ош шаары» деп көрсөтүлгөн эмес да. Мен муну көп мисалдын бири катары гана айтып жатам.

- Эми ошол жерде, мисалы, «түштүк региону» деп жазылган өкүлчүлүктөр бар, ал жөнүндө маселе жок. Түштүк регионуна Ош, Баткен, Жалалабад кирет. Ал эми облус болуп жазылса облус боюнча өкүл, кабарчы болсо анда бардык облустардын катарында Ош шаары кошо жазылыш керек.

- Ош шаары ошентип республикалык маанидеги статус алып бүттү. Эми «Ош облусунун борбору башка жакка которулсун» деген сөз чыкпас бекен? Мындай практика көп да.

- Ошол Ош шаары тууралуу мыйзамда Ош облусу менен Ош шаарынын ортосундагы болгон карым-катнаштардын бардыгы так жазылган. Ош облусунун ордосу Ош шаарында жайгашкан. Ошондуктан бул жерден эч кандай жумурткадан кыр издештин кереги жок. Ал эми башка жакка көчүп кетүү жөнүндө, Ош шаарынын жетекчилиги Оштун патриоту болгондон кийин, мындай маселени көтөрбөсө керек.

- «Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен баштап, мекеме-уюмдарына чейин эми турган кеңселери үчүн шаарга акы төлөш керек» дегендер чыгып жатат…

- Бүт облустук мурунку ишканалар, мамлекеттик администрациянын имараттары - бул мамлекеттин менчигинде турган ишканалар. Ошон үчүн ал боюнча эч кандай талаш-тартыш болбойт. Себеби бул дагы мыйзамда бир пункт болуп жазылды. Жерди ижарага алууну, салык алууну мамлекет кандай жүргүзүп келсе, ошондой гана болот. Шаардын бийлиги башка эч кандай өзүнчө салык да, ижара акы да киргизе албайт.
XS
SM
MD
LG