Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:45

ЖАПОНДОР КЫРГЫЗСТАНГА ЧОЧУЛАБАЙ ЭЛЕ КЕЛСЕ БОЛОТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жапон өкмөтү Кыргызстан менен экономикалык алаканы чыңдоого чын ниети менен киришип атканы тууралуу 10- июлда «Кабар» агенттигинде маалымдалды. Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ватанабэ Сюсукенин айтымында, Бишкекте жапон өкмөтүнүн колдоосу менен өнөр жай паркы жакынкы жылдары курулушу ыктымал. Кыргызстан эгемен мамлекет катары таанылгандан бери Жапониядан 300 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам алды.

1999-жылы Баткен коогалаңында Кыргызстан тоолорундагы баалуу кен байлыктарды изилдөөгө келген жапон геологдору барымтада калышкан. Кыргызстандын түштүгүнө кол салып кирген согушчандар жапан жарандарын бир айча туткунда кармашкан. Бул окуя Кыргызстандан көптөгөн чет элдик инвесторлорду качырды. Жапон өкмөтү бул окуядан кийин дароо кен изилдөө боюнча кызматташтыгын токтотуп, Кыргызстан менен башка өңүттөгү да карым-катышын чектеген. Учурда Бишкекте 45 жапон жашайт. Борбор калаада кафе-ресторандарды ачып, соода түйүндөрүнүн көбүн ээлеген түрктөр, кытайлар менен салыштырганда жапондор Кыргызстанда өтө эле аз. Чындап эле Баткен окуясы Кыргызстанды жапондордун көзүнө тынчы жок өлкө катары көрсөтүп койгон шекилдүү. Мындай күтүүсүз жоонун катылганы токтоп, төрт жапондун барымтада калышынан кийинки ызы-чуунун изи суугандан кийин Жапон өкмөтү эми үзүлгөн байланыштарды улаганы турат. Жапониянын эларалык кызматташтык агенттигинин жетекчиси Шиши Киеши мырзанын айтымында, тоо-кен изилдөө багытындагы кызматташтык жакын арада кайра жанданат. Жапония жарандары кыргыз тоолоруна кайра кайтып келиши ыктымал.

Такехара мырзанын айтымында, Жапониянын инвестициясынын 80 % Кытай базарына багытталчу. Эми бул өлкө башка мамлекеттерден реалдуу рынокторду издөөгө киришкен чак. Жапан бизнесмендери Кыргызстанга келиш үчүн инвестициялык климат жагымдуу болушу керек. Эгер жагымдуу климат түзүлсө кыргыз-жапон өнөр жай паркынын курулушу өңдүү кыялдар турмушка ашышы ажеп эмес.

Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбековдун айтымында, өндүрүш паркы үчүн кыргыз өкмөтү Бишкектин четинен 64 гектар жер бөлүүдө. Келечекте өндүрүш борбору 220 гектарга чейин кеңейиши мүмкүн. Бул жер эркин экономикалык зонага окшош өзүнчө өндүрүш борборуна айланмакчы.

- Бул өнөр жай паркы Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда пайда болгон демилге. Бирок бул паркта каалаган чет мамлекеттердин ишканалары топтолот. Кыргыз- жапон, Кыргыз- америка өңдүү биргелешкен ишканалар пайда болот. Бул эркин экономикалык зона эмес. Бирок, кайсы бир салыктардан бошотулушу керек деп ойлоп атабыз, - дейт Жээнбеков мырза.

Жапониянын өкүлдөрү алардын негизги өнөктөшү Кытайда чыккан өнөгөсүз өпкө дарты тууралуу да сөз козгошту. Тышкы соода министрлигинде кеңешчи болуп иштеген Тахекара Катсухико мырзанын пикиринде, Кытайдагы илдет көптөгөн мамлекеттерди, айрыкча Кытайдын өзүн чыгымга учуратты. Жапон бизнесмендери мекенине шашылыш кайтууга аргасыз болушту.

- Өнөгөсүз өпкө оорусу жапон экономикасын анчалык деле тукулжураткан жок. Бирок, Кытай өзү жапа чегип калды. Мисалы, жапон ишканалары жабылып мекенине кайтууга туура келди. Бирок, жалпысынан Кытай бул илдеттен биз болжогондой оор экономикалык жоготууга учураган жок, - дейт Катсухико мырза.

Кыргызстан Кытай менен чек арасын ушул айдын башында ачты. Министр Жээнбековдун пикиринде Кытай менен чек араны жапкандан мамлекеттик казына жоготууга учураган жок:

- Чек аранын жабылышы мамлекеттик казынага анча деле күч келтирген жок. Бирок карапайым калкка кыйын болду. «Дордой» базарына барасызбы. Кытай товарларынын баасы өсүп кетпедиби. Чек ара ачылды, эми кытай товарларын баасы түшөт деп ойлоп турам.

Жапониянын өкүлдөрү кыргыз тараптын меймандостугуна, ишке дилгирлигине ыраазы сөздөрүн узатышты. Бишкекте соңку кезде эле 57 чет элдик жаранга кол салуу болгонун, диний экстремизмдин кулач жайышын ойлогондо, Кыргызстандын инвестициялык маанайы анча жагымдуу эместей сезилет. Ватанабэ Сюсуке мырза Баткен окуясынан кийинки төрт жыл бою Кыргызстанда кырдаал тынч болгонун, эми жапон жарандары Кыргызстанга анчалык чочулабай келишерин айтат.

- Кыргызстанда жашап аткан жапондордун 70%и аялдар, бул Кыргызстанда жашоо коопсуз экенинин далили, - дейт Ватанабэ Сюсуке.
XS
SM
MD
LG