Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Маскөөдөгү соңку жардыруулар коомчулукту мурда таназарга алынбаган жаңы көрүнүштүн – аялдардын жанкечтиликке барышы маселесинин айланасында ой жүгүртүүгө аргасыз кылууда. Расмий Кремль чечен жикчилерин карапайым аялдарды террордук иш-аракетке тартып жатат деп күнөөлөөдө. Ал эми укук коргоочулар болсо – айымдарды жанкечтиликке барууга мажбурлаган жагдай үчүн жоопкерчиликти Кремль да бөлүшүүсү керек деп санашат.

Чеченстан дегенде чыгыш салтын жана мусулман динин бекем сактоого умтулган, тээ 19-кылымда эле Орусиянын баскынчылыгына дуушарланса да, көз каранды эместик үчүн күрөш идеясын жүрөгүнө сактап келген тоо эли элестелет. Бул элдин рухун чагылдырган чыгармалардын бири – ар бир чечен сүйүп ырдаган орток гимн. Анын сөзүн Абузар Айдемиров жазган, обонун Али Жумаев чыгарган. Бул ырды ырчы Имам Алимсултановдун аткаруусунда интернет аркылуу да уга аласыз.

Бул ырды чечен айымдары да сүйүп ырдайт, үйүндө болобу, качкындар жайында болобу, бейтааныш өлкөдө болобу, атажурттун ыйык ыры катары өз балдарына астейдил үйрөтөт.

Адатта чечен аялдары очок отун өчүрбөө, балдарды тарбиялоо сыяктуу тиричилик иштери үчүн жооп берчү. Бирок тээ 19-кылымда эле кыргыздын Жаңыл Мырзасы сыяктуу чечен аялдары чыккан. Алардын бири – Таймашка Молова аттуу эр жүрөк айым орус оторчуларына каршы күрөштө колбашчы даражасына чейин жеткен. 1842-жылы гана ал туткунга алынган. Падыша Николай Биринчи ага каармандыгы үчүн тен берип, кийинчерээк боштондукка чыгарган.

Өткөн кылымдын соңунда башталган Экинчи чечен-орус согушу да чечен айымдарынын жигердүү катышуусу менен өтүүдө. Азыркы согуштун бир айырмасы – жикчи чечен аялдары улам жаңы жанкечтилик кол салууларды уюштурууда. Былтыркы Дубровка театрынын окуясы, быйыл июнь айындагы Чеченстандагы орусиялык аскерлерди ташыган автобустун жардырылышы, июлдагы Тушино аба майданындагы террордук чабуул, Маскөөнүн Биринчи Тверь-Яма көчөсүндөгү жардыруу аракети – ушулардын баары жанкечтиликке барган чеченстандык аялдар менен байланыштырылууда.

Негизи, жанкечтилик ислам дининде да, чечен салтында да катаал айыпталчу көрүнүш. Бул тууралуу “Мемориал” укук коргоо уюмунун Ингушетиядагы өкүлү Либкан Базаева мындай дейт:

- Биринчиден, бул ислам жоболоруна каршы. Анын үстүнө, ал кавказ аялдарынын, өзгөчө алганда, чечен аялдарынын мүнөздүү белгилерине карама-каршы келет. Аймактагы аял – үй-бүлөнүн асыл наркын сактаган, балдарга таалим-тарбия берген, жандуу дегендин баарын аман-эсенчиликте кармап, коруган коомдук күч катары маалым.

Базаева айым айткандай, өзүнүн жанын өзү кыйгандар, алтүгүл, мусулмандык көрүстөнгө башкалар менен чогуу коюлбайт. Бирок Чеченстандагы адам чыдагыс кырдаал да көңүлдөн сыртта калбоого тийиш. Орусиялык аскерлердин айрымдары чечен аялдарына далилсиз эле жикчи жоочу катары орой, айоосуз мамиле кылган учурлар арбын. Бул көрүнүш, ал түгүл, өзүнчө эле системага айланды, - дейт укук коргоочу Либкан Базаева.

Лондондогу Согушту жана тынчтыкты баяндоо институтунун серепчиси Том де Ваалдын оюнча, Шамил Басаев сыяктуу колбашчылар чечен аялдарын террордук чабуул үчүн кеңири пайдаланууга далаалаттанып жаткандай. Анткени, аялдарды Орусиянын шаарларына атайын террордук иш-чара үчүн жиберүү эркектерди жибергенге караганда алда канча оңой, дейт Том де Ваал. Анын оюнча, Орусия күчкө күч менен жооп берүү аркылуу олуттуу жаңылыштыкка жол коюуда:

- Мындай аракет Израил премьери Шарондун буга чейинки саясатын эске салат. Шарон өлкөнүн коопсуздугун катаал саясат аркылуу чыңдагысы келген. Баары бир жанкечтилер бомба чабуулун уланта беришти. Биякта деле ошондой болот ко деп ойлойм. Жанкечти бомбачыларга “силерге ого бетер кысым көрсөтөбүз” деп айтып, аларды коркута албайсыз. Алардын жогото турган эч нерсеси жок эмеспи.

Германдык ДПА кабар агенттигинин маалымдашынча, соңку жарым жыл ичинде эле 1800дөй чечендин өлтүрүлгөнүн бир орусиялык аскер жетекчиси айткан экен. Бул сандык көрсөткүчтүн артында канчалаган тагдыр, канча үй-бүлөнүн алааматы, канчалаган үмүттөрдүн ойрон болушу жатат. КМШнын террорчулукка каршы борборунун башчысы Валерий Верчагин “Независимая газетага” берген маегинде чечен согушунун бир далай жесирлери өз өмүрүн сайып, күйөөлөрү жана жакындары үчүн өч алууну каалап жатканын айтат.

Укук коргоочулар орусиялык өкмөттү да, эл аралык коомчулукту да Чеченстан көйгөйлөрүнө көз жумду мамиле кылбоого, чечен маселесин тынчтык сүйлөшүүлөрү жолу аркылуу жөнгө салууга чакырууда. Демек, башкы маселе – чечен аялдарын жанкечтиликтен баш тарттыруу үчүн жалпы чечен маселесин жаңыча чечүү аракетинде. Ал эми чечен үй-бүлөлөрү, чечен айымдары ар бир өткөргөн күнүн ый жана кошок менен гана эмес, үмүткө толгон, атажуртту сүйүүгө арналган ыр менен да узатып келет.
XS
SM
MD
LG