Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

А.Айтматовдун Москвага иш сапары аяктады


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Орусия Федерациясына иш сапары менен барып, президент Владимир Путин менен Кыргызстандын Орусиядагы күндөрүнө катышуусу болжолдонууда. Ал тууралуу алдын-ала сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов 7-9-июлда Орусияга болгон расмий сапары маалында жүргүзүп келди. Сапар маалында Аскар Айтматов Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов, Орусия атом энергетика министри Александр Румянцев, жамааттык коопсуздук кеңешинин башкатчысы Николай Бордюжа, Мамлекеттик думанын КМШ өлкөлөрү боюнча комитетинин төрагасы Андрей Кокошин менен жолугушту. А.Айтматов орусиялык кесиптеши менен жолугушуу учурунда Орусиянын Борбор Азияда ишенимдүү өнөктөшү бар жана анын белгиси катары Кыргызстандын Кант шаарында президент Владимир Путиндин катышуусу менен ачылышы болжолдонуп жаткан орус авиабазасы эсептелет деп билдирди. Бул тууралуу маалыматты 10-июлда тышкы иштер министрлиги таратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG