Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Тергөө улантылууда


БИШКЕК. Бишкектеги «Аламүдүн» базарынын директору Шаршенбай Мааткабыловду, анын жубайы менен балдызын өлтүрүү фактысы боюнча учурда 8 адам кармалды. Бул тууралуу бейшембиде ички иштер министринин орунбасары Кеңешбек Дүйшөбаев маалымдады. Тергөө көрсөткөндөй, кармалган 8 адамдын ичинен үчөө кылмыш жасагандар. Ал эми калгандары - аларды курал, унаа менен камсыз кылып, уурдалган буюмдарды алып чыгып, бекитүүгө жардам беришкен. Алардан 2 сейф, эки мылтык, бет чүмбөт, мээлей табылган. Тергөөдө ошондой эле Шаршенбай Мааткабыловдун кызы - 15 жаштагы Сайкал Мааткабылова кылмышкерлердин бирөөсү менен тааныш болгондугу аныкталды. Бирок, анын кылмышка тиешеси бар экендиги жөнүндө азырынча белгисиз. Тартип коргоо органдары бул кылмыштын негизги максаты - тоноо болгон деп эсептөөдө. Бирок, анын башка божомолдору да иликтенип, тергөө иштери улантылууда.
«Аламүдүн» базарынын директору Шаршенбай Мааткабылов, анын жубайы Айнура Узакбаева жана балдызы Бегаим Узакбаева 30-июндан 1-июлга караган түнү атып өлтүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG