Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

АЛТАЙ-ЭНЕСАЙДАГЫ КЫРГЫЗ ЭН ТАМГАЛАРЫ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек http://gdb.rferl.org/27EE78A5-C359-4201-AB79-7B3593223C42_w203.gif «Мезгил жана тарых» түрмөгүнүн мурдагы бөлүмүндө Уйбат чаатастары, Хакасиядагы Уйбат өзөнүнүн жанындагы VIII-IХ кылымдардагы кыргыздарга тиешелүү көрүстөндөр шаарчасы тууралуу маалымат бергенбиз. Бүгүн ошол ой учугун улантып, табылгалардагы таасын белгилер, эн тамгалардын кыргыздардын кайсы урууларына таандык экендиги жөнүндө маалымат берүүгө аракет жасайлы.

Кыргыз улуттук университетинин доценти, кыргыздардын эн тамга белгилери боюнча адис Олжобай Каратаевге сөз узаталы:

- Хакас жергесинде Чаркова деген тарыхый, этнография жактан абдан маанилүү айыл жайгашкан. Бул жерде тарых маалыматтарындагы «Уйбат чаатастары»(жоо таштары) деген таш эстеликтердин жыйындысы жайгашкан. Бул байыркы, орто кылымдардагы кыргыз эстеликтери болуп эсептелет. Илимий адабияттарда, тарыхый булактарда бул өрөөн, байыркы жана орто кылымдардагы, өзгөчө 840-жылга чейинки кыргыз кагандарынын ордосу, кыргыз мамлекетинин саясий- экономикалык жана маданий борбору болгондугу белгиленген. Бул жерден атактуу кыргыз вазалары жана кыргыздарга тиешелүү жазуулар табылган. Биз бул жерден жалпы кыргыз тарыхы үчүн ачылыш жасадык десек аша чаппастырбыз.

Чаатастардан (жоо таштардан) байыркы жана орто кылымдарга таандык бир нече жалпы кыргыз эн тамгасын таптык. Профессор Аблабек Асанканов менен бирге табылган эн тамгалардын дээрлик баары бүгүнкү кыргыз ууруларынын эн тамгалары менен толук дал келээрин аныктадык. Мисалы, мундуз тамга, адигине тамга,солто тамга, басыз тамга, саяк тамга, бугу тамга, саруу уруусуна таандык ай тамга сыяктуу эн тамгалардын жыйындысы табылды. Буга чейин окумуштуулар, изилдөөчүлөр буга көңүл бөлгөн эмес экен,
- дейт Олжобай Каратаев.

Эгер бул эн тамга материалдар такталып изилденбесе, алар таш белгилердеги жүздөгөн жылдардын изи калган беттеринде билинер-билинбес болуп өчүп бараткан жазуулар менен чогуу жок болоор. 1721-жылдан бери далай ирет орус жана чет өлкөлүк окумуштуулардын көңүлүн өзүнө бурганы менен ошол таш бетинде жазылган маалыматтын мураскорлору кызыкдар болбосо ал жазуулар жалпы адамзат тарыхынын бир этабы катары гана карала берери шексиз. Быйылкы кыргыз-орусиялык экспедициянын чалгындоо аракеттеринен майнап чыкса, элдин тарыхы тереңдээр. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын урматына карата уюштурулган Хакас, Тыва, Тоолуу Алтай аймактарынан топтолгон материалдар менен тааныштырууну кийинки да улантмакчыбыз.

XS
SM
MD
LG