Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

ОШТО МИГРАЦИЯ МАСЕЛЕСИ КУРЧУП БАРАТАТ


Кожогелди Култегин, Ош Ош облусунда иш издеп чет жерге кеткендер, бул жерге иштөөгө, жашоого келгендер да көп. Миграция кызматы боюнча региондук башкармасынын төрайымы Салима Исмаилова менен кабарчыбыз Кожогелди Култегин маектешет.

- Салима Исмаиловна, учурда миграция кызматы боюнча республикалык департаменттин башчысы Зафар Хакимов баштаган делегация эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо боюнча макулдашууга кошумчаларды киргизүү максатында Орусияда иш сапар менен жүрбөйбү. Орусия тарап Кыргызстандын бул багыттагы иш аракеттерин мурдатан эле баалады беле?

- Биз жүргүзүп жаткан макулдашуу бул КМШ мамлекеттери боюнча биринчи макулдашуу. Азырынча ал сыноо программасы катары өтүүдө. Алар өздөрү да сүйүнүп атат, КМШ мамлекеттеринде биринчи Кыргызстан келип «өзүңөрдүн эмгек мигранттарыңарды колдоо, коргоо боюнча иш жүргүзүп жатканыңар бул биздин Россиянын мыйзамын сыйлаганыңар» деп өздөрүнүн жылуу пикирин айтып кетишти.

- Орусиядагы Кыргызстандын эмгек мигранттары мурда негизинен «чөлмөктүк соода» менен иш кылышчу, азыр заводдо, курулуштарда иштөөгө көбүрөөк ык коюп баратышат. Себеби эмнеде?

- Биринчиден, убакты-сааты менен иштейт, өзүнүн ченемдүү мыйзамда көргөзүлгөн маяналарын алып жашай алышат. Экинчиден, завод-фабрикаларда, курулушта иштөөчү биздин атуулдар документ, уруксат албайт. Ишке чакырган тарап өзү мамлекетинен квота сурайт. Квота алган соң каалаган мамлекеттен ошол квотанын негизинде ал кишини алып барып жайгаштыра алат.

- Казакстанда эмгек мигранттарына катуу мамиле жасалып жатканына карабастан, сиз жетектеген миграция кызматынын түштүк региондук башкармалыгы, фирмалар аркылуу тамекичилерди Казакстанга көбүрөөк жиберип жаткандай?

- Казакстанда «Эсенгали» деген ишке жайгаштыруу боюнча жеке агенттик бар. Ал жакка бара турган жумушчу мигранттар негизинен Өзгөн менен Ноокаттык тамекичилер. Буга чейин 10-15 жылдап барып жүргөн фирмалар аркылуу 2 миң 327 киши Казакстанга жумушка жайгашылды. Бирок, бүгүнкү күнү 6 миңден ашык айыл чарба жумуштарында биздин Кыргызстандык атуулдар иштейт. Фирма аркылуу кеткендердин тагдырын биз абдан катуу коргойбуз. Себеби, алар биздин эсепте турат. Бирөө келип «ушул фирмадан кетти эле, сиз контролдоп бериңиз» десе, мен азыр компьютерди ачып кайсы жерде иш кылып атканын айтып бере алам.

- Түштүккө кошуна турган Өзбекстанга Кыргызстандан эмгек мигранттары барып иштеген фактылар барбы?

- Бүгүнкү күнү Өзбекстандын өзүндө жумушсуздук биздин Кыргызстандан он эсе жогору. Өзбекстандын атуулдары Кыргызстанга келип иштеп, бала-чакасын багууга абдан муктаж болуп турган мезгили. Менин өзүмө өзбекстандык ондогон атуулдар келип, бизди Казакстанга, Орусияга жумушка жөнөтүп койсоңор деп суранышты. Мен түшүндүрдүм, биз силердин бириңерди да жылдыра албайбыз, себеби бул абдан талаштуу иш дедик.

Алардын атуулдары биздин чек арага жакын райондордо - Араванда, Кызылкыя, Баткенде, Жалалабад облусунун Ноокен, Базаркоргон райондорунда жүрөт. Айланма миграция деп коёт, бир күндө барып-келип иштеп аткандар абдан көп. Биз күздө - бир, жазга маал бир - эки жолу мониторинг жүргүзөбүз.

- Мисал катары Өзбекстандан Ош облусуна канча киши өткөнүн айтып көрсөңүз?

- «Достуктан» бир күндө 2 миң - 3 миңге жакын киши нары-бери өтүп турат. Анжиян облусунан 100-150, Аравандын «Чекабат» айылына 100-150, ал эми Карасуудагы Көпүрө деп койчу базар тараптан келчү жолдон бүгүнкү күндө 3 миң - 4 миң адам өтөт.

- Салима Исмаиловна, сөз тизгинин качкындар темасына бурсаңыз. Бул Тажикстан - Кыргызстан ортосундагы маселе эмеспи.

- Качкын деген маселени унута баштайбыз деген жакшы ниетибиз, тилегибиз бар. Себеби Ош, Жалалабад, Баткенде 1300 качкын, 230 үйбүлө калды. Булардын 99%ы чет жердик кыргыздар. Алар - «түпкү ата-тегибиз кыргыз эли, кыргыз жери болгондуктан, тууган-уругубуз, урууларыбыз бул жерде, биз кетпейбиз» дегендер. Бүгүнкү күнү атуулдукту алып, паспорт алууну күтүп отурушкандар. Паспорт алып отурукташып калган качкындарга боорукердик корпусу тарабынан 200 доллардан жардам грант берип атат. Мына, кыргыз атуулу болдуң, эми ушуга бутуңа туруп ал, эгин эгип ал, мал күтүп ал деп. Гумандуулукту иш жүзүндө көрсөтүү керек эмеспи.
XS
SM
MD
LG