Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

БҮЙҮЖЕТ БОЮНЧА ПЛАН АТКАРЫЛГАН ЖОК


Сапар Орозбаков, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын 6 айында өткөн жылга салыштырмалуу бүйүжетке акча көп түштү. Бирок, Жогорку Кенеш бекиткен бүйүжет планы аткарылган жок. Анткени, салык департаменти июнь айындагы салык чогултуунунун планын 16% кем аткарган.

6 ай ичинде республикалык бүйүжеттин киреше бөлүгү 6 млрд. 694 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 12% өстү. Бүйүжеттин чыгаша бөлүгү 7 млрд. 12 млн. сомду түзүп, ал да өткөн жылга салыштырмалуу көп. Бирок, өкмөт үчүн өсүү темпи эмес, план маанилүү көрсөткүч болуп эсептелет. План Жогорку кеңеш тарабынан бекитилип, мыйзам күчүнө ээ. Пландын аткарылбагандыгы үчүн өкмөт жооп берет. План аткарылган жок. Быйылкы жылдын 6 айынын ичинде мамлекеттин казынасына акча пландагыдан 6% кем түштү. Бүйүжеттин чыгаша бөлүгү дагы планга 8% жетпей калды. Натыйжада, Борбордук казынадан алынган маалыматтарга караганда, билим берүү, саламаттык сактоо, коргоо, коомдук тартипти сактоо тармактарынын баары пландагыдан аз акча алды. Саламаттык сактоо тармагына болсо каражат өткөн жылга салыштырганда да аз бөлүндү.

Башкасын айтпаганда да, бүйүжеттин корголот деген статьялары планда каралгандай каржылынган жок. Мисалы, эмгек акыга 2,5% аз каражат берилди. Ошентип бүйүжеттен акча алган адамдар өз убагында айлык ала албай жатышат деген сөз чын болуп чыкты. Муну Борбордук казынанын директорунун орунбасары Саидбек Зулпуев да ырастады.

-Кечигүү айлап деп айтканга болбойт. 10 күнгө кечигүү бар, - деди Саидбек Зулпуев. Бирок Саидбек Зулпуев аны план кабыл алынгандан кийин айрым тармактардын кызматкерлери- нин эмгек акысы көбөйтүлүп, бүйүжетке кошумча жүктүн пайда болушу менен түшүндүрөт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына караганда, быйыл экономикалык өсүш жогору болуп жатат. Болгондо да өсүш салыкты көп берет деген өнөр жайында жогору. Ага караганда, бүйүжетке да акча көп түшүшү керек болчу. Борбордук казынадан алынган маалыматтарга караганда, Бажы департаменти планды ашыгы менен аткарган. Салык департаменти планга карата 118 млн. сом аз салык чогултуп, аны 5% аткара албай калган. Салык жыйноо өзгөчө июнь айында азайып кеткен. Бул айда салык чогултуунун планы болгону 84% аткарылган. Салыктан тышкары бүйүжеттин башка булактарынан да акча бир нече эсе аз акча түшкөн. Мисалы, план боюнча мамлекеттин колундагы ишканалардан 85 млн. сом дивиденд түшүш керек болсо,андан иш жүзүндө бүйүжет 27 млн сом гана алган.
Бүйүжет Жогорку Кеңештин гана эмес, эларалык валюта корунун көзөмөлүндө экени маалым. Анын аткарылбашы эларалык валюта корунун программасынын аткарылбашы менен барабар. Ал программанын аткарылышына жараша Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын кечүү тууралуу чечим кабыл алары көптөн бери айтылып жүрөт.

- Мен корко тургандай себеп жок деп ойлойм. Жыл аягына чейин эларалык валюта корунун бардык көрсөткүчүн аткарабыз. Бул - финансы министрлигинин, өкмөттүн жалпы милдети. Ошондуктан эларалык валюта корунун программасында белгиленген көрсөткүчтөрдү аткарууга бардык аракет жасалат. Азырынча эларалык валюта корунун көрсөткүчтөрү 100% аткарылып жатат. Мен жыл аягында да алар аткарылат деп ойлойм, - дейт Саидбек Зулпуев.

XS
SM
MD
LG