Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

AКШнын президенти Жорж Буш ушул бейшембиде түштүк африкалык Ботсвана өлкөсүндө болуп, СПИД эпидемиясы менен күрөшкө жардам берүүгө убада кылды. Африка өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Буш Ботсванада ак түстүү фермерлердин жерин тартып алып, эл чарбасын бүлүндүргөн Зимбабвенин президентин сынга алды. Либериядагы кырдаал да Кошмо Штаттары үчүн чоң баш оору, 14 жылдан бери ички согуш токтобой келаткан бул өлкөгө америкалык аскерлерди жиберүү чакырыктары улам катуулап угулууда.

Ботсвана Кошмо Штаттарынын айныгыс союздашы экенин көпчүлүк биле бербейт, анткени картада тырмактын агындай орун ээлеген, Африканын түштүк кыйырында жайгашкан бул өлкөнүн эл аралык саясатта анчейин таасири жок. Бирок Ботсвана бүгүн СПИД оорусун жуктуруп алган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турганы менен "атагы" чыккан.

10-июлда АКШнын президенти Жорж Буш Ботсвананын баш калаасы Габоронеде президент Фестус Могае менен сүйлөшүү жүргүзүп, Америка Ботсвананын СПИД көйгөйүн чечүүгө жардам көрсөтүү ниетинен айныбайт деп ишендирди. Бул өлкөдө калктын дээрлик 40 пайызы СПИДге чалдыккан.

- Ботсвана СПИД оорусу, ВИЧ инфекциясы менен бетме-бет кармашып жатат жана бул кризисти токтотуу үчүн чечкиндүү аракет көрүүдө. Биз сиздин жетекчилик ишмердүүлүгүңүздү колдойбуз. Силердин элде күч-кайрат бар, бул ооруну жеңип чыгууга эрки да жетет жана (бул иште) Америка Кошмо Штаттары - силерге шерик.

Буш бүткүл дүйнөдө СПИД менен күрөшкө 15 миллиард доллар бөлүү ниетин билдирген. Бирок буга АКШнын Конгресси уруксат бере элек.

Ботсванада Буш ошондой эле ак түстүү фермерлердин жерлери тартылып алынып, азык-түлүк кризисине тушуккан Зимбабведе демократияга жол берилбей келатканын белгиледи:

- Зимбабвенин экономикасы начарлап, көтөрүм болуп калды. Бул Ботсвана үчүн да, Түштүк Африка үчүн да өкүнүчтүү. Экономиканын алсыздыгы начар башкаруу менен түздөн түз байланышкан, ошондуктан биз Зимбабведе демократияга жол берүү зарыл деген оюбуздан кайтпайбыз.

Шаршембиде Буш Зимбабведеги саясий жана экономикалык кризисти жөнгө салууга Түштүк Африканын президенти Тхабо Мбеки баш көз болушу керек деп айтты. Кара континентте Либерия чоң көйгөй болуп жатат. Буш Либерияда 14 жылдан берки жаңжалды токтотуу тууралуу түзүлгөн келишимди колдоого сөз берди, бирок азырынча бул өлкөгө америкалык аскер жиберүү чакырыктарына жооп бере элек.

АКШнын президенти Ботсванадан кийин Угандага жана Нигерияга барат. Буга чейин ал Сенегал, Түштүк Африкада болду.

Ботсвана - калкынын саны 1 миллион 680 миңден ашпаган чакан өлкө. Аймагынын көбүн чөл баскан, бирок турмуш деңгээли жогору - Улуттук Дүң продукциясын киши башына бөлгөндө, жылына 3100 долардан тийет. Киреше Кошмо Штаттарына алмаз сатуудан түшөт. Ботсвана ошондой эле АКШнын жакын шериги. Шейшембиде өлкө Вашингтон менен жылуу мамилесин далилдеп, Гаагадагы жаңы ишке киришкен Эл аралык кылмыш сотуна америкалык жарандарды кармап бербөөгө макул болду.
XS
SM
MD
LG