Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Косоволук сербдердин өлкөгө кайтуусун АКШнын мамлекеттик департаменти колдойт


АКШнын мамлекеттик депарматенти Косовонун жетекчилеринин сербдик качкындарды өз жерине кайра кайтууга чакырган билдирүүсүн колдой тургандыгын билдирди. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Рикердин айтымында, ал буга чейин боло элек чакырык жана АКШ Косового ал жерде мурда жашаган бардык калк өкүлдөрүнүн кайтып барышын колдойт. АКШ Косоволук качкындардын өз үйлөрүнө кайтуусу үчүн быйыл 14 миллион доллар бөлгөн. Косоводогу 1999-жылкы жарандык согушта 200 миң адам үй-жайын таштап качып кетүүгө мажбур болушкан.

XS
SM
MD
LG