Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:57

Беларустун президенти өкмөт башчысын кызматтан алды


Беларустун президенти Александр Лукашенко бүгүн премьер-министр Геннадий Новицкийди кызматтан кетирди. Андан тышкары вице-премьер Александр Попков, айыл чарба министри Михаил Русый жана “Белгоспищепром” концернинин президенти Анатолий Кузьма кызматынан алынды. Лукашенконун айтымы боюнча, буга алардын калкка социалдык камкордук көрүү жөнүндөгү өзүнүн көрсөтмөлөрүн натыйжалуу аткарбай койгондору башкы себеп болду. Лукашенко өкмөт башчынын милдетин аткарууну биринчи вице-премьер министр Сергей Сидорскийге тапшырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG