Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дагы эле кыйын


Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас өз кызматынан кетпейт. Бул тууралуу бүгүн Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шаат билдирди. Анын айтымында, буга Израил менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан бир катар жагдайлар негиз берет. Абдул Аббас шейшемби күнү “Фатх” уюмундагы Ясер Арафаттын орун басарлык кызматынан кетип жатып, премьер-министрликтен да кетээрин билдирген болчу. Ал эми “Хамас” уюму Израил камакка алган палестиндиктердин баарын бошотпосо, элдешүү макулдашуусун бузууга барарын кабарлады. Израилдин бийлиги түрмөдөн терракттарга катышпаган адамдар гана бошотулаарын айтууда жана премьер министр Ариэл Шарондун өкүлдөрү палестиндерден террордук багытта колдонулуучу бардык курал-жарак, шаймандарды жана жайларды тезинен жоюуну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG