Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Америка президенти Жорж Буштун Африкадагы сапары уланды


АКШнын азыр Африка өлкөлөрү боюнча сапарда жүргөн президенти Жорж Буш бүгүн Ботсванага барып, бул өлкөдөгү СПИД дартына каршы күрөшүүгө АКШ чоң күч жумшай тургандыгын билдирди. Андан тышкары Буш Бостванага коңшу Зимбабвенин президенти Роберт Мугабенин ак түстөгү фермерлерге каршы жүргүзгөн саясатын катуу сынга алып, өлкө калкын ачарчылыкка ошол саясат жеткиргенин билдирди. Буштун бул сапары СПИДге каршы күрөшүүгө үндөө жана АКШ өкмөтүнүн бул ооруга каршы күрөшүү үчүн 15 миллиард доллар бөлө турган программасы менен тааныштыруу максатын көздөөдө. Жорж Буш бүгүн барган Ботсванада СПИД менен ооругандардын саны бир миллион 700 миң адамга жеткен жана өлкө калкынын 40 процентин түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG