Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

ОРУСИЯ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫН КҮЧӨТҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Москва шаары Бүгүн Москванын соту Орусиянын баш калаасында ресторанды жардырмакчы болгон жеринен колго түшкөн Чеченстандын тургуну Мужихоеваны камакка алуу тууралуу санкция чыгарды. Мужихоева алып жүргөн кол сумкада 400 грамм жардыргыч зат болгон. Жардыргыч заттын ичиндеги дүрмөттү зыянсыздандыруу үчүн аракеттенип жаткан жеринен Федералдык коопсуздук кызматынын майору Трофимов набыт болду. Бийликтер Тушинодо болгон террордук жардырууну уюштургандар соңку жардыруу аракети үчүн да жоопкер деп санашууда. Бул окуядан соң орусиялык бийлик бир катар коопсуздук чараларын көрө баштады.

Мына ушул күндөрү чеченстандык жанынан кечкен жесирлердин Москвада болуп өткөн чабуулу орусиялык жарыяланбаган согуштун башка баскычка көтөрүлгөндүгүн ашкерелеп койду. Анын ыкмасы палестиндик жанкечтилер жүргүзүп аткан согушка абдан окшоп турат.

Бул, айрым байкоочулардын оюнча, президент Владимир Путин жүргүзүп аткан Чеченстан саясатынын стратегиясы туура эмес жолдо баратканынан кабар берет. Андай жышаан өткөн ишемби күнү Тушинодо концерт жайынын кире беришинде жүзөгө ашырылган эки жардыруудан улам анык болду.

Президенттин ачуусу келип: террорчу деп өзү атаган күчтөрдү “үңкүрдө үңкүйүп олтурбасын, подвалдарда быгып жатпасын, сары изине түшүп таап чыгып жок кылуу керек”, - деп айтты.

Ошондон көп өтпөй Маскөөдө дагы бир жардыруу аракети болду. Жанкечтиликке камынган аял тутулуп, бирок дүрмөттү коопсуз кылуу аракетин жасап жатып Федералдык коопсуздук кызматынын майору Георгий Трофимов курман болду. Окуя болгон 1-Тверской-Ямской көчөсүндө жашагандардан эч ким жапа чеккен жок.

Орусиялык басма сөз таркаткан маалыматка караганда, бул окуяга байланыштуу тутулган жесир аял Зарема Мушихоева “Имбирь” ресторанын жардырганы барып, бирок коркуп, ал жерде турган сакчыга шек алдырып койгон. Ошол эле күнү Зарема жесирдин теңтушу, чечен жесири Зураба Дадаева Грозный калаасынан кармалып, Маскөөнүн жаагы катуу абактарынын бири Лефортового алынып келинди. Эки айымдын бири 22 жашта, беркиси 26 жашта. Алардын жубайлары соңку жылдары орусиялык аскерий күчтөр менен чечен козголоңчуларынын согушунда курман болушкан.

1999-жылы Чеченстанда Кремлге “баш бербеген” жетекчи Аслан Масхадовду ары бери дегиче, ачып көздү жумгуча жеңип, ийге келтиремин деген орусиялык жетекчинин убадасы курулай болуп калган азыркы чакта, эми жаш муундагы чечендер өч алуу жолуна түшүүдө. Айрым серепчилердин оюнча, кыз-келиндерди жана жаштайынан жесир калган айымдарды жанкечтилик жолго түрткөн жана катаал террордук нукту туткан жикчилерди жараткан киши – Путин өзү болду.

Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жума күнү журналисттер алдында чыгып сүйлөп, коопсуздук чараларынын бири катары төмөндөгүгө токтоду:

- Албетте 42-дивизия, куду ички иштер министрлигинин 46–бригадасы сыңары, ушул бойдон Чеченстанда кала бермекчи.

Ал эми орусиялык ордо калаада ачык түрдө да, тымызын жол менен да кишилерди аңдуу башталды. Метродо милиция кызматкерлеринин, эл көп чогулган жерлерде тыңчылардын катары артканы байкалат.

Бейшембиде, маселен, күмөндүү нерсе көрдүм деп милицияга кабар жеткиргендердин эсеби 73кө жеткен. Бирок шектүү делген нерселердин бири да жардыргыч зат болбой чыккан. Мындай маалымат берүү көрүнүшүн Москвалык ички иштер башкармасы дурус деп баалоодо.

Федералдык коопсуздук кызматы таркаткан маалыматка караганда жакынкы убакта Санкт-Петербург, Саратов, Ростов-на-Дону, Волгодонск жана Моздокто террордук акцияларды уюштуруу далаалаттары жасалышы ыктымал. Айтылуу Шамил Басаев жанынан кечкен 36 чечен жесирлерин атайын даярдыктан өткөрүп, орусиялык калааларга аттантыптыр деген айың кеп да таркоодо.

Чечен жикчилеринин жетекчилиги соңку террордук чабуулдарга өздөрүнүн тийешеси жоктугун билдиришкен. Бирок Масхадовго баш ийбей турган жоочулар тобу бар экендиги да маалым. Ал эми орусиялык коомчулукта чечен жикчилери менен саясий сүйлөшүү жүргүзүү талабын айткандар да жок эмес. Азыркы кырдаал керкисинде да бар, кемигинде да бар деген накыл сөздү эске салат.

XS
SM
MD
LG