Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Oрусия кош жарандык боюнча Түркмөнстан менен талашта жылыш бар деп билдирүүдө


Кечээ Ашгабатта болуп кайткан Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Алексей Федотов түркмөн бийликтери мындан ары Орусиянын жарандарынан өлкөдөн чыгуу визасын талап кылбай тургандыгын билдирди. Түркмөнстан ошондой эле жергиликтүү орус жамаатынын кызыкчылыктарына кайчыаракеттерди болтурбоого сөз берди.
Өткөн айда Түркмөнстан Орусия менен кош жарандуулук келишимин бир тараптуу күчүнөн кетирген. Орусиянын санагына ылайык, Түркмөнстанда кош жарандык алган 100 миң чакты орус жашайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG