Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Бейөкмөт уюмдар коалициясы Таласта кабыл алуу экзамендерине көз салууда


ТАЛАС. Жогорку окуу жайларынын кабыл алуу экзамендерине коомчулук көзөмөл жүргүзө баштады. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын Талас аймактык бөлүмү даярдаган 10 байкоочу Талас мамлекеттик университетинде өтүп жаткан кабыл алуу экзамендерине байкоо жүргүзүп жатат. Коалициядан бүгүн кабарлашкандай, мамлекеттик грант комиссиясынын мүчөлөрү кечээ байкоочулардын катышуусунда кирүү экзамендеринин жалпы республикалык тестирлөө боюнча биринчи турунун жыйынтыгын жарыя кылышты. 69 орундун ичинен 62 абитуриент жеңүүчү деп табылды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бекташ Шамшиев жана Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG