Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:34

Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Украинанын элчиси менен жолукту


БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев дипломатиялык кызматы аяктап бараткан Украинанын Кыргызстандагы элчиси Петр Шаповал менен жолукту. Палатанын маалымат кызматы бүгүн кабарлагандай, Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы өкмөттүк макулдашууларды жана келишимдерди ишке ашырууда бир топ иштер жасалды. Кыргызстан менен Украинанын ортосунда парламент аралык карым-катыштар жакшы жолго коюлган. Палатанын төрагасы украин элчисинин ишине ийгилик каалап, анын ордуна келе турган кийинки элчи да эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жана достук мамилелерди чыңдоого олуттуу салым кошооруна ишенээрин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG