Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Өлүк сатуунун чыры басыла элек


БИШКЕК. «Өлүктөрдү эч ким сыртка саткан эмес, Кыргызстанда аны экспорттогон киши жок», - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын проректору Индира Кудайбергенова. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы менен Германиянын Гейдельберг шаарындагы Пластинация институтунун ортосунда келишимге кол коюлуп, анын негизинде медицина академиясында Пластинация борбору, кийинчерээк музей түзүлгөн. Пластинация музейинде медициналык окуу жайларынын студенттери үчүн адам денесинин түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү тууралуу сабактар өтүлөт. Музейде пластинациядан өткөн 2500 экспонат бар. Пластинация борборунун маалыматына караганда, Германияга жөнөтүлчү материалдар бажы мыйзамынын талабына ылайык даярдалат жана алардын баары өз убагында кайтып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG