Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Өзбекстан Кыргызстандын газ түтүктөрүн кайтарууга макул болду


БИШКЕК. Кыргызстандын Евразия Кызматташтык Уюмундагы өкүлү Базарбай Мамбетовдун бүгүнкү маалыматына караганда, Өзбекстан Кыргызстанга тийиштүү 5 газ түтүгүн берүүгө макул болду. Мындай макулдашуу эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын 9-июлда Ташкенде өткөн отурумунда жетишилди. «Достук-Ош», «Кадамжай-Шаймерден», «Алты арык», «Иттипак колхозу», «Орозбеков-Кадамжай» газ түтүктөрү, ошондой эле Түндүк Сох газ сактоочу жайы, Сохтун түндүгү менен Чоң каракалча газ кендери да эми Кыргызстандын энчисине өтмөкчү. Эки жылдан кийин ишин уланткан өкмөт аралык комиссиянын отурумунда ошондой эле темир жол, автомобиль катнаштарын калыбына келтирүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG