Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:40

Сапар Орозбаков, Бишкек 9-июлда Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын отуруму болуп, анда эки өлкөнүн экономика, суу-энергетика, транспорт жаатындагы кызматташтыгына байланыштуу 18 маселе каралды. Кыргызстандын делегациясын жетектеп барган Базарбай Мамбетовдун айтымында, тараптар алардын он экиси боюнча бир пикирге келип, тиешелүү протоколдорго кол коюшту.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын отуруму 2 жылдан бери боло элек болчу. Кыргыз тарап 9-июлдагы отурумга 18 маселе даярдап барган. Өзбекстандын өкүлдөрү адегенде “алардын сегизин гана карайбыз” деп, акырында баарын кароого көнүшкөн. Базарбай Мамбетовдун сөзүнө караганда, ал маселелердин он экиси боюнча комиссия бир пикирге келип, тиешелүү документтерге кол коюлду. Ал оң чечилген маселелердин алды катары электр энергиясын сатуу маселесин атады.

- Быйыл кар да, жаан-чачын да көп болуп, Өзбекстан менен Казакстан “мурдагыдай суунун кереги жок, сууну жана электр энергиясын аз алабыз” деп, бул жолугушууга чейин келишимге кол койбой келишкен. Биз өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин 11–июлда 2 өлкөнүн газ жана электр энергиясы боюнча мекемелеринин жетекчилери келишимге кол коюшат, - -деди Базарбай Мамбетов.

Анын айтымында, Өзбекстан 500 млн. квт. саат электр энергиясын алып, 400 млн. куб метр газ бере турган болду. “Бул газ Бишкек жылуулук борборуна жетет”, - деди Базарбай Мамбетов. Эгерде электр энергиясынын акысы газга жетпей кала турган болсо, Кыргызстан анын айырмасын башка булактардын эсебинен жаап берет. Ташкенде каралган орчундуу маселердин дагы бирөө - буга чейин Өзбекстан пайдаланып жүргөн Кыргызстандын газ, мунай кендерин жана газ түтүктөрүн өткөрүп берүү тууралуу маселе болгон.

- Көп жылдан бери Кыргызстандын балансына алынбай келе жаткан, мунай жана газ чыккан жерлер бар, “Түндүк Сох” жана “Чоңкаракалча” деген. Андан тышкары, “Түндүк Сохто” жер алдында газ сактоочу жай бар. Алардын баарын Өзбекстан “чек арага жакын, чек аранын делимитациясы бүткөндө ошого жараша чечебиз” деп бизге бербей келген. Биз бул маселени да койдук. “Алар чек арадан алыс, биздин аймактын ичинде, чек арага тиешеси жок, жыл сайын жөн эле чое бербей, өткөрүп бергиле” дедик. “Документтерди карап чыгып, бир-эки айдын ичинде аны аягына чейин чечебиз” деп сүйлөштүк. Андан тышкары, биздин аймак аркылуу өткөн, Союз убагында курулган газ түтүктөр бар. Алар азыр иштеп жатат. 1992-жылкы КМШнын келишими боюнча аларды биз өткөрүп алышыбыз керек болчу. Мурда көбүн өткөрүп алганбыз, бешөө калган. Биз ошолордун тагдырын да чечтик. Өзбектер алардын документтерин өткөрүп берүүгө макул болушту. “Мындан кийин алар силердики” дешти, - деди Базарбай Мамбетов.

Ал жолугушууда Кыргызстан тарап темир жол тарифтерин төмөндөтүү маселесин да койгондугун айтты. Анткени Кыргызстан Бишкектин жылуулук борборуна түштүктөн көмүр ташып келүүнү көздөйт. Бирок жүк Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт. Бул өлкөлөр транзиттик тарифти жогору койгондуктан, тоннасы 10 долларлык көмүр кошуна өлкөлөрдүн тарифтерин кошкондо 39 долларга чыгып кетет. Базарбай Мамбетовдун айтымында, кыргыз өкмөтү биздин жүк үчүн өзүнүн ичинде колдонгондой эле тариф коюу тууралуу быйыл тажик өкмөтү менен макулдашкан болчу. Ошол эле маселе Ташкенде да коюлду. “Өзбек тарап “карап көрөлү” деп убадасын берди”, деди Базарбай Мамбетов. Анын айтымында, комиссия мурда Өзбекстан тараптын чечими менен токтотулуп коюлган эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы автоунаа каттамдарын кайра жандандыруу тууралуу макулдашууга да жетишти.
XS
SM
MD
LG