Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

ВОЛЫНДАГЫ КЫРГЫНГА - 60 ЖЫЛ


Украинанын Волын областында мындан алтымыш жыл мурдагы кызыл кыргындарда апаат болгондордун арбайын эскерүү иш чаралары өтүп жатат. Павливка кыштагында бул окуяга арналган атайын эстелик тургузулду. Анын ачылышына Польшанын жана Украинанын президенттери катышып, сөз сүйлөштү. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары өз мекендештерин тарыхтын ачуу тажрыйбасынан сабак алып, ортодогу алакаларды бекемдөөгө, мамыр мамиледе болгонго чакырышты.

Волындагы кызыл кыргындардын алтымыш жылдыгына арналган азалуу иш чараларга катышууну Александр Квасниевски менен Леонид Кучма быйыл февралда макулдашышкан эле. Павливка кыштагына польшалык президент, анын өз сөзү менен айтканда, ”массалык алааматтын курмандыктарына жана акыйкатка таазим кылганы” келди. Украин лидери болсо “адамзатка каршы жасалган кылмышты актай турган эч кандай аргумент жок” деп эсептейт. Ошентсе да тараптар тарыхый чындыкты аныктап алышы керек.

Волындагы трагедияны эки өлкө алиге чейин эки башка өңүттөн карап жүрүшөт. Польшадагы тарыхый китептерде бул кыргындар үчүн жоопкерчилик толугу менен украиналыктардын мойнуна жүктөлөт. Украин улутчулдары 1943-жылы козголоңчул армиянын аркасында Волын жергесин польяктардан тазалап, болочоктогу эгемен мамлекеттин кыйырын кеңейтүүнү көздөшкөн. Фашисттик оккупациядан пайдаланып, польшалыктарды Волын аймагынан сүрүп чыгарганга киришкен. Ортодо уруш тутанып, эки тарап бирин-бири боо түшүрүп кыра баштаган. Натыйжада Волын менен Чыгыш Галичинада польшалыктардан 75 миң, украиндерден 35 миңдей бейжазык адамдын өмүрү кыйылган.

Украиналыктар болсо окуяны башкача оролдо түшүндүрүшөт. Украинанын козголоңчул армиясы фашисттик оккупанттарга каршы күрөшүп, гитлерчилерге жалданып кызмат кылып кетишкен поляктардын көзүн тазалап турушкан. Польшанын Крайова армиясы муну башкача түшүнүп, украиналыктарды оккупанттарга жан тартып жатат деп айыптаган жана өч алуу операцияларын өткөрө баштаган. Айрым кагылыштардын арты анык кырдыбычак менен аяктаган. Польяктардын армиясы оккупанттарча аракеттенген,украиналыктар болсо патриотторчо Волын жерин коргоо үчүн күрөшкөн.

Ал эми зирек акылдын аңытында ойлонгон эки тараптагы аналитиктер менен саясатчылар болсо Волындагы окуянын проблемасын чечүү үчүн Польша да, Украина да өз ара кечиришкен кадамдарды жасоого тийиш дешет. Анын үстүнө кызыл кыргын фашисттик оккупациянын маалында болгондуктан, бул алааматтын себептерин гитлерчилердин эки элди бир-бирине тукуруп, кайраштырган саясатынан издеген абзел болмок.

Айтмакчы, тарыхый даректерге ылайык, Варшава менен Киевдин бир-бирине кыр салган мамилелери XVII кылымдан башталган. Буга айгак болгон себептер, арийне, өткөн тарыхта аз кездешкен эмес. Акыркы жылдары ырасмий Варшава илгерки чатактарды унутуп, Киев менен мамыр-жумур мамиле күткөнгө астейдил ниетин көрсөтө баштады. Атап айтканда, Польша Украинанын Евросоюзга, НАТОго жана бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө алынышын колдоп, анын активдүү сүрөөнчүсү болуп жүрөт. Волындагы окуяларга байланыштуу Польшанын сейми өткөн аптада билдирүү жарыялап, ушундай эле сунуш менен Украинанын жогорку радасына кайрылды. Бейшемби күнү ага маанилеш документтин тексти украин парламентинде жактырылды. Билдирүүдө мындан алтымыш жыл мурдагы кандуу кагылыштар эки эл үчүн тең бирдей өлчөмдө чоң кайгы-касирет болгону белгиленет.

Волындагы иш чараларда муну президенттер да белгилешти. Тарыхтын ачуу сабагы эски жаранын дабаасы болууга тийиш. Волындагы иш чаралар да баарынан мурда ушундай максатты көздөдү.
XS
SM
MD
LG