Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

ДЕМОКРАТИЯЛЫК ШАЙЛООНУН ЖАҢЫ ПЛАНЫ


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Нидерландиянын тышкы иштер министри Яап де Хоп Схеффердин борборазиядагы сапары жаңы эле аяктады. Нидерланддардын министри жергиликтүү бийлик башчылары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар маселелерди, алардын ичинде региондогу саясий реформалардын жүрүшүн талкуулады. Бир катар байкоочулар ОБСЕнин жаңы төрагасынын визити негизинен таанышуу мүнөзүндөгү сапар болгонун, ошондуктан борборазиялык өлкөлөрдөгү демократиялык өнүгүүнүн абалына анчейин деле таасир тийгизе албай тургандыгын айтып жатышат. Айрым эксперттер бу жагынан регионго аталган уюмга караганда Вашингтон алда канча натыйжалуу түрткү көрсөтө алар дешет.

ОБСЕнин азыркы төрагасы Бишкектеги визитин жыйынтыктап жатып, Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүдө прогресс байкалып жаткандыгын белгиледи. Башкысы,деп айтты Яап де Хоп Схеффер, өлкөнүн жетекчилиги бул өнүгүүнү басаңдатып салбашы керек. Президент Аскар Акаев менен жолугушкан учурда ОБСЕнин төрагасы өкмөттөн өлүм жазасына салынган мораторийдин мөөнөтүн узартууну, кыйноо иштерине тыюу салуу боюнча ООНдун конвенциясына тезинен кол коюуну жана маалымат каражаттарына толук эркиндик берүүнү сурангандыгын билдирди. Яап де Хоп Схеффер аталган уюм Борборазия регионуна такай назар салып турарын кошумчалады.

Мунун алдында адам укуктарынын эл аралык лигасы ОБСЕнин парламенттик ассамблеясынын рамкасында Роттердамда Борборазиядагы кырдаалга арнап, атайын брифинг уюштурду. Ага Батыш Европа өлкөлөрүнүн делегациялар да катышты. Брифингге чакырылгандар ОБСЕнин жогорку даражалуу өкүлдөрү, анын ичинде ПАСЕнин төрагасы Брюс Жорж менен жолугушту. Эл аралык лиганын КМШ өлкөлөрү боюнча координатору Питер Залмаев ырастагандай, талкуу-таңаштардын жүрүшүндө Түркмөнстандагы абалга айрыкча тынчсыздануу билдирилди. Бул республикадагы турмуштун бардык чөйрөсү туташ кризиске туш болгону белгиленди. Өзбекстан менен Тажикстандагы жагдай да ушуга жакын бааланды. Ал эми Кыргызстан менен Казакстанда кырдаал биртке башкачараак, бирок адам укуктарынын абалы, демократиялык процесс улам керагар тартып баратат.

Роттердамдагы брифингге катышкан америкалык делегация ырастаган маалыматтарга караганда, АКШнын конгресси Түркмөнстандагы жагдайга байланыштуу атайын талкууларды өткөргөнү жатат. Анын соңунан күзгө таяп конгресс бу маселе боюнча резолюция кабыл алышы да ажеп эмес. Вашингтон, кыязы, региондогу демократиялык процесстерге эми чындап назарын кадаганга ниет кылып жаткан сыяктанат. Президент Буш дүйнөдөгү чогоол режимдерди аскер күчү менен теске салганды гана билбестен, авторитардык бийликтерди жайчылык чаралар менен деле туура жолго багыттай аларын эмдиги жылдагы шайлоого чейин эл аралык коомчулукка, эң алды менен америкалыктарга далилдегенге ыкыластанып калгандай. Буга анын Жакынкы Чыгыштагы активдүүлүгү күбө боло алат. Мындан тышкары Буш жакында мурдагы мамлекеттик катчы, америкалык абройлуу саясатчылардын бири Жеймс Бейкерди атайын тапшырма менен Грузияга аттандырган эле. Бейкер быйыл ноябрда Грузияда боло турган парламенттик шайлоонун адилет жана эркин өтүшүнө президент Буш өзгөчө маани берип жаткандыгын белгилеп, буга байланыштуу Вашингтон сунуш кылып жаткан план менен тааныштырды. Анда борбордук, ошондой эле регионалдык шайлоо комиссияларынын реформасы каралган. Тактап айтканда,америкалыктар комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн - өкмөт, калгандарын коомдук-саясий уюмдар шайлашын сунуш кылат. Борборшайлоокомдун башчылыгына болсо эч кандай саясий күчтөргө кирбеген, бирок калк арасында кадыры бар абройлуу адам коюулууга тийиш. Негизгиси – добуштардын санагын көз карандысыз байкоочулар чыгарышы керек.

Вашингтондун бул планы, Бейкер ырастагандай, президент Эдуард Шеварднадзеге, ошондой эле өлкөдөгү бардык саясий, анын ичинде оппозициялык партияларга жакты. Эгер тажрыйба Грузияда оңунан чыкса, Вашингтон аны экс-советтик республикаларга жайылтканы жатат.

XS
SM
MD
LG