Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯНЫН ӨКҮЛҮ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ КАПА БОЛДУ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйынынын саясат жана ишкердик боюнча комитети Германияга Кыргызстандан өлүктөрдүн жөнөтүлүшү боюнча маселе көтөрүп чыккан эле. Парламенттеги жыйында маалым болгондой, адам өлүктөрү Медициналык академиянын студенттерин окутууга анатомиялык көрсөтмө куралдарды жасаш үчүн 2001-жылга чейин Германиянын Гельдерберг шаарына жөнөтүлүп келген. Кыргыз медициналык академиясы көрсөтмө куралдарды жасатыш үчүн адам сөөктөрүн жөнөтүү тууралуу Гельдербергдеги пластинация институту менен 1996-жылы келишим түзгөн. Бул келишимдин ишке ашышынан Медициналык академия 560 миң немис маркасында киреше көргөн. 11-июлда Медициналык академиянын жетекчилери Германияга төрт жыл бою адам өлүктөрү жөнөтүлүлгөнү боюнча түшүндүрмө беришти. «Адам органдарын силикон менен катыруу аркылуу студенттерди окутууда зарыл болгон көргөзмө куралдарды жасатууда эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес» дешет алар.

Бул чатак иш Бишкектеги Медициналык академиянын беделине көлөкө түшүрдү. Парламенттеги комитет жыйынынан кийин журналисттер бул темага көп кайрылышты. Гюнтер фон Хагенс деген немис бат эле кыргыз журтчулугуна таанымал боло түштү. Медакадемиянын жетекчилиги Хагенстин дене органдарын катырган ыкмасын XXI кылымдын жаңы технологиясы катары баалап, «өлүүлөр тирүүлөрдү сактап калышы керек» деген принципте иштээрин билдирди. Медакадемиянын проректору, профессор Индира Кудайбергенова бул окуяны кайра-кайра жазган журналисттерге капа болду. Анын айтымында, адам сөөктөрүнүн Германияга жөнөтүлүшүн экспорт катары мүнөздөгөн туура эмес.

1996-жылы Бишкекке келген немис окумуштуусу Медакадемиянын жетекчилерин келишим түзүүгө макул кылган. 1997-жылдан баштап төрт жыл катары менен Гельдербергге жылыга бир-эки жолу учак же автоунаа менен адам сөөктөрү жөнөтүлчү. Баш-аягы кыргызстандык 500дөй адамдын жасаты Германияга алып барылган. Медакадемиянын алдындагы Морфология жана полимердик технология институтунун башчысы Григорий Беловдун айтымында, Германияга буга чейин 229 миң килограмм өлүк жөнөтүлүп, анын 14 миң килограммы кайра кайтарылган. Бул өлүктөрдөн алынып силикон же полимер менен катырылган дене органдары азыр окуу куралы катары колдонулууда. Медакадемиянын студенттери илгертен эле формалинге чыланган адам сөөктөрүн карап, адамдын анатомиясын үйрөнүп келишкен. Профессор Шамил Чыңгышбаевдин айтымында, формалин көзгө жана дем алуу органдарына зыян. Ал эми Германиядан жасалып келген препараттар көпкө сакталгандыгы, жытынын жоктугу жана бузулбагандыгы менен артык.

Индира Кудайбергенованын айтымында, азыр Медакадемиянын жертөлөсүндөгү муздаткычта 89 адамдын өлүгү сакталууда. Булар окуу процессинде студенттердин анатомияны үйрөнүп, хирургиялык көндүмдөрүн калыптандырышына кызмат кылат. Чырдын түйүнү адам сөөктөрүнүн кандайча болуп Гюнтер Хагенстин колуна түшкөндүгүндө. Кудайбергенова айым тууган-туушканы жок, кароосуз калып, көмөр кишиси жоктор ушул максатта колдонулаарын айтат. 29-июнда парламентте болгон жыйында Германияга жөнөтүлбөй калган 100гө чукул өлүк белгисиз бир жерде сакталып туруп бузулуп кеткени айтылган.

2001-жылы Германиянын Пластинация институту Бишкектен сөөк алууну токтоткон. 2001-жылы каза болгон адамдардын сөөгү бир жарым жылдан бери эмне максат менен жана кайсы жерде, ким тарабынан сакталганын депутаттык комиссия изилдээр. Баса, Медакадемиянын жетекчилиги Германияда жасалчу бул жумуштун баасы менен кабары жок экен. Проректордун айтымында, Хагенс өз акчасына баарын жасайт, жада калса адам сөөктөрүн Германияга жеткирүүдө жол кирени, бажы чыгымдарын да өз мойнуна алып келет. «Эгер бир жеке кызыкчылыгы болбосо, мынча чыгымды өз башына эмне максат менен үйүп алган?» деген суроо туулат. «Аны Хагенстин өзүнөн сурагыла», - деп кесе жооп кайтарды Индира Кудайбергенова.

Кыргыз Республикасынын «Саламаттыкты сактоо жөнүндөгү» мыйзамынын 52-беренесинде анатомиялык тартуу тууралуу айтылган. Немис анатому менен иштеше баштаган күндөн тартып Кыргызстанда «Өз денесин мураска калтыруу» деген программа иштей баштаган. Бул программанын негизинде адам кааласа өз денесин Хагенстин ыкмасы менен катырып көрсөтмөгө коюуга же жөн гана болочок врачтарды окутууда пайдаланууга берсе болот. Григорий Беловдун айтымында, 2002-жылы 20 киши өз денесин Медакадемияга тапшырды. Индира Кудайбергенова болсо өз турмуш жолунда болгон окуяны айтып берди:

- Мен Онкология институтунда директор болуп турган кезимде ушундай окуя болгон. Бир киши рактын 4-стадиясы менен ооручу. Жакындары да жок экен. Мага өзү келип, «каза болсом сөөгүмдү моргго тапшырып коюңузчу» деп өтүндү. Караколдо туулган экен, ошол жактан жакындарын табууга аракет кылдык. Бирок ал туугандары табылгыча эле каза болду. Анан өзүнүн өтүнүчү боюнча сөөгүн моргго тапшырдык. Ал кишинин денеси студенттерди окутууга пайдаланылды.

Кыргызстан - Хагенстин ыкмасына муюп, өз жарандарынын өлүктөрүн Германияга жөнөткөн дүйнөдөгү төртүнчү гана өлкө. Медакадемиянын профессорлору чырга айланып аткан бул фактылар тууралуу коомчулукка кайрылуу даярдап жатышат. Профессорлор ал кайрылууда «биз өлүктөргө байланышкан медициналык теманы апыртып, ызы-чууга айлантып аткандарды сындайбыз» деп жазышты.
XS
SM
MD
LG