Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

КҮЛҮКТӨР ЧЫРЫ ЖЕ БЕРИЛБЕЙ КАЛГАН БАЙГЕЛЕР


Бишкектин 125 жылдык мааракесине арналган спорттун улуттук түрлөрү боюнча III Спартакиада ызы-чуу аралаш бүттү. «Аккула» ат майданында өткөн аламан байге, жорго салдыруу, көкбөрү мелдештерине коюлган байгелер берилбей, нааразылык күчөдү. Ал аз келгенсип, 20 чакырым аралыкка аламан байгеге чабылган 24 күлүктүн ичинен 3 асыл тукум тулпар өлүп, саяпкерлер Бишкек мэриясына жана спорт комитетине доомат артышууда.

Чүй облусунун «Ибраим ата» жеке менчик фермердик чарбасынын «Модерн» аттуу асыл тукум аргымагы өлдү. Бул күлүктү Орусиянын Краснодар асыл тукум жылкы заводунан 8 миң долларга сатып келишкен. Ошондой эле Казакстандан келип, бул аламан байгеге кошулган «Дегерес» аттуу аргымак да мелдештен кийин өлүп калды. Бишкектин «Аккула» ат майданынын «Көксерек» аталган күлүгү да эртеси күнү жан берди.

Бул чырдын чоо-жайын иликтеп көрсөк, жагдай мындай экен. Мурдагы Ошто, Жалалабадда өткөн спартакиадаларда аламан байге, жорго салдыруу жана көкбөрү таймаштарына баш байгеге жеңил автомашиналар сайылып, байгелерди облустук администрациялар койгон. Ал эми Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет катышуучулардын тамак-ашын, жатаканасын, медаль-дипломдорун жана калыстар тобунун кызмат акысын төлөп келген. Ошол салт боюнча Бишкектин 125 жылдык тоюнун алдында уюштуруу комитетинин чогулушу болуп, ага шаардын вице-мэри Мельничук катышып, «аламан байгеге, жорго салдырууга, көкбөрүгө баш байгени мэрия камдасын» деп айтылган. Ошентип, Бишкек мэриясы байге фондусу үчүн 600 миң сом каражат бөлмөк, бирок ал 300 миң сом гана берген. Спартакиаданы жеңип чыккан жалпы командалык биринчилик үчүн 150 миң сом, экинчи орун үчүн 100 миң сом, үчүнчүгө 50 миң сом кылып бөлүштүрүп, аламан байге, жорго салдыруу жана көкбөрүгө байге коюлбай калган. Муну билген саяпкерлер: «Жөн эле темир медаль, бир барак диплом үчүн кымбат баалуу аттарыбызды чаппайбыз» дешип, чуу көтөрүшкөн. Күйөрмандар, чет өлкөлөрдөн келген меймандар, калайык-калк «күлүктөр чабылып, жорголордун кызыгын көрөбүз» дешип күтүп жатышты. Мындай жагдайдан чыгыш үчүн премьер-министр Николай Танаев, Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов жана Аскар Салымбеков баштаган облустук губернаторлор кеңишип, «ар бир регион 1500 доллардан чыгарсак, 3 машинага жетет» дешип, бүтүм чыгарышат. Ошентип аттар чабылып, жорголор салынып, көкбөрүнүн финалында Чүй менен Нарын облустарынын жигиттери күч сынашат. Аламан байгеге 20 чакырым аралыкка чабылган 24 күлүктүн марага төртөө гана келгенине биз да күбө болгонбуз. Бирок убада кылынган 3 авто машиналар жеңүүчүлөргө берилген эмес. Ушул аламан байгеде «Ишеним» аттуу күлүгү марага биринчи келип, алигиче баш байгеге коюлган жеңил машинаны ала албай жүргөн Алик Бутумбаев мындай дейт:

- Болот Шерниязов менен Аскар Салымбеков экөө келип, Аскар Салымбеков: «Жорго салышка, аламан байгеге машинанын кепили мен болоюн, атыңарды чапкыла», - деп, элден бата алган. «Машинаны бергизем, бербесе мен өзүм берем», - деген эле Аскар байке. Биз ага ишенгенбиз. Чогулуп сүйлөшкөн губернаторлордон Нарындын жетекчиси Аскар Салымбеков гана 1500 долларын берип, калганы алигиче беришкен жок. Бүгүн Бишкектин мэри Медет Керимкуловго да кирдик. Байгени ала албай абдан убара болуп жүрөбүз. Минтип убада бербей эле коюш керек болчу. Кепил болгондон кийин аягына чейин чыгып койсо болмок да.

Жорго салдырууда Бишкектик саяпкер Бакыт Шариповдун «Каухар» аттуу тору жоргосу марага озуп келип, баш байгеге арзыган. Бирок ал да убада кылынган жеңил машинасын ала албай, көрүнгөндүн эшигин сүзүп убара болуп жүрөт. Аламан байгеге чабылган 3 күлүк эртеси күнү өлүп калган. Саяпкерлер «спорт комитети жарышты 2-3 саат кеч баштап, табында турган күлүктөр ачка болгондугу үчүн өлдү. Буга спорт комитети күнөөлүү» деп атышат. Ушул чуулгандуу спартакиаданын аламан байге боюнча башкы калысы, ат спорту боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, айтылуу саяпкер Александр Мурсалимов өз оюн мындайча билдирди:

- «Аттар ачкадан өлдү» дешкени - жөн гана шылтоо. Буга саяпкерлердин өздөрү күнөөлүү. Күлүктөрдү табына келтирбей, чала даярдап келип жарышка салышкан. 24 аттан марага үчөө араң келди. Баштаганда эле катуу чабышты, тактикалык жактан ката кетиришти. Мурда Кыргызстанда абдан мыкты саяпкерлер бар эле. Азыркы жаштар чоң акчага, байгеге коюлган автомашинага кызыгышып, атты өлөөр-тирилээрине карабай чабышат. Чыкса чыкты, чыкпаса өлдү дей бер. Анан кыска аралыкка чуркап жүргөн күлүктөрдү да алыска кое беришип, кыйнап же өлтүрүп алып атышат. Аттардын асыл тукумдуулугу да бузулууда. Кыргызстандыгы асыл тукум жылкы чарбалардын дээрлик баары жоюлуп, мыкты күлүктөрдүн да тукуму үзүлүп баратат.

Спорт комитетинин өкүлдөрү да өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагышты.

- Аттардын өлгөнүн көргөн жокпуз. Кунандар жобо боюнча 15 чакырым аралыкка чабылмак, биз аны 10 чакырым кылып, ал эми жорголор 20 чакырым аралыкка сыналмак болсо, аны да 15 чакырым кылып кыскарткан элек. Аламан байге мелдешинде күлүктөр 30 чакырым аралыкка коё берилмек. Биз саяпкерлердин өтүнүчү боюнча бул аралыкты да 10 чакырым деп кыскарткан болчубуз. Өзүңүздөр баамдагандай, марага 24 аттан үчөө гана келиши саяпкерлер аттарды чала даярдаганын көрсөтүп турат, - дейт Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин спорт башкармалыгынын башчысы Мамыт Акеров.

Айтор бул чырлуу маселенин башы ачылбай, жеңүүчүлөр байгелерин алалбай дале убара болуп жүрүшөт. Саяпкерлердин айтымында, мындай көрүнүш Кыргызстанда гана болот.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG