Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ДАРЕКТЕР


Совет мезгилинде кыргыздар текши караңгы, жазма маданияты жок эл делип, бир чети кодуланса, экинчи жагынан жазма иши коммунисттер тарабынан ыроолонгондой болуп келген.

Эзелки элди тарыхка калтырган, ал элдин коомдук-саясий турмушун, үрп-адатын, ички жана тышкы саясатын баяндоочу кылым карыткан эски басмадагы китептер жана жылнаама иретинде же санжыра түрүндөгү кол жазмалар дүйнөлүк маданияттын эң баалуу эстелиги саналат. Азыркы египеттик байыркы «клинопис» жазуусу, же кытайлык «иероглиф» тамгалары менен сыймыктангандай эле кыргыз журтчулугубуз дагы 6-кылымдан тарта калыптанган «Рун» жазуусу, кийинки араб графикасындагы жазма эстеликтерибиз менен сыймыктана алабыз.

Элибиздин кагаз бетине түшкөн тил маданияты, тарыхы жана адабий мурасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүндө топтолгон. Азыркы күндө бөлүмдүн казынасында, барагынын саны 20 млн. ашкан 30 миңдей фольклор, тил, адабият, тарых, экономика тармактарын камтыган кол жазмалар сакталат.

Убагында жазуу маданиятка эгедер элибиз, ата-бабанын тарыхын саймедиреп кагаз бетине түшүрүп муунга мураска калтырып келген эмеспи. Ошол атадан калган мурасты илим борборуна топтоо, элибиздин өнүккөн оозеки чыгармаларын жыйноо мекенибизге Кеңеш өкмөтүнө орногон мезгилге туш келет. Ы.Абдрахманов, К.Мифтаков, Ж.Жамгырчинов, Ө.Караев, С.Сооронов сыяктуу эл-жеринин тарыхын сүйгөн, ынтызар чыгармачыл инсандардын аракети, жыйноочулардын азыркы казынаны топтоодогу эмгеги зор жана алардын иштиктүү эмгегинин натыйжасында жергебиздин булуң-бурчтарынан залкар манасчылардан, сөзгө чебер чечендерден, санжырачы карыялардан, эл күлдүргөн куудулдардан, журт шайырларынын оозунан жазылып алынган баа жеткис байлык – кыргыз оозеки маданиятынын көөнөрбөс үлгүлөрү жыйналган.

Кыргыз эли арбагы күчтүү Манас менен сыймыктанып кут туткандай эле кол жазмалар казынасынын дөөлөтү, руханий маданиятыбыздын туу чокусу «Манас» эпосу. «Манас» тууралуу анын залкарлыгына таазим эткен канчалаган сөздөр айтылды, бирок казынадагы «Манас» эпосу боюнча кол жазмалар менен таанышканда гана анын ушунчалык уникалдуу, чети оюла элек кенч, улуу чыгарма экендигине көзүң жетет. Казынада атактуу манасчылар Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендиев, Ыбырай Абдрахманов, Актан Тыныбеков, Молдобасан Мусулманкулов, Жаңыбай Кожеков ж.б. жазып алынган «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун 60тан ашык түрлөрү сакталат. Ошол алтымыш манасчыдан жазылган эпостун алтымыш түрү ар бири өз алдынча уникалдуу кайталангыс, ар бири өз алдынча баа жеткис тарыхый маалыматтоочу дарек катары баалуу. Албетте «Манастын» 60 түрү токтолуп калган чек эмес. 1922-жылдан башталган эпосту кагаз бетине түшүрүү жана эпос боюнча кол жазмалар менен казынаны толуктоо азыркы убакта дагы улантылууда. Кантсе дагы эпосту кагазга жазуу жагдайы кеч башталгандыгы өкүндүрбөй койбойт. Заманыбыздын эң залкар манасчысы Сагымбай Орозбак уулунан 250000 ыр сабынан турган жалгыз «Манас» эпосу жазылган. Мунун өзү эле Фирдоусинин «Шах-намэсинен» эки эсе, Гомердин «Илиадасынан» 16 эсе көп. Аттигиниң, улуу манасчыдан «Семетей», «Сейтек» эпостору дагы жазылса кол жазмалар казынасына, элибизге кандай гана мурас калмак.

Казынадагы жергебиздин ар бир айыл-кыштагынан саймедире чогултулган элибиздин оозеки чыгармаларынын үлгүлөрү – жомоктор, кыргыз баатырлары, макал-лакаптар, табышмактар, жаңылтмачтар, калптар, санат-насыят жана адат ырлары, кошоктор, тамсилдер жана айтыштар жана башка толуп жаткан түрлөрү кимди болсо дагы кызыктырбай, сыймыктандырбай койбойт. Мына ошол казынадагы кыргыз элдик оозеки чыгармалар дарыясына булак катары жергебиздин булуң-бурчтарынан чогултулуп кошулган кол жазмалар үлгүлөрү «ата мурасы» катары келечек муунга эң сонун маданий мүлк болуп саналат. Канчалаган эң баалуу, бир чети элибиздин руханий маданиятын өнүгүп-өсүүсүнө дем бере алчу кол жазмалар катылуу турганы өкүнүчтүү.

Жалпы элибизге таандык тарыхый эстеликтердин тагдыры дагы ойлондурбай койбойт. Нечендеген ыйык мурастар «сталиндик» катаал мезгилде өрттөлгөндүгү калайыкка маалым. Эл аралап кол жазмаларды сураштыра келгенде «атаганат баягы куугунтуктоо убагында аларды мазар, мечиттерге алып барып жыйдык эле, кийин жок болуптур, кээ бирин өрттөп жибериптир», - деген кепти эшитебиз. Эми казынабызга түшкөн эски басмадагы китепти колго алып көрөлүчү. Чычкан кемирген, барактарды жалмаган өрттүн иши, ысырап пайдалануудан барактары жукарып тамгалары өчкөн же кээ бир барактары «чарбачылыкка» колдонуп кеткен. Мына ушундай абалда эзелки тарыхый эстеликтердин тагдыры. Бул дагы бер жагы. Өтө коркунучтуусу, алардын табигый бузулушу. Эч желдетилбей, сактоо үчүн ылайыктуу шарт түзүлбөй «капаста» сакталган кол жазма китептер көңсүп, желе басып көгөрүп кетет. Табияты органикалык нерсе болгондуктан кагаздар какшып кургап опурулуп сынма же чирип жок болот. Ошентип жалаң эле кыргыздын тарыхына эмес ааламдык маданиятка байланыштуу жазма даректер белгисиз бойдон жоголот. Айтор, чачылып, унутта калган маданиятыбызга аяр мамиле жасап, кылдат чогултуп бир илим борборуна топтоо өткөн ата-бабаларыбыз, тарыхыбыздын жана келечек муун астындагы Улуу парызыбыз!

XS
SM
MD
LG