Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

И.РАЗЗАКОВДУН КУСАСЫ, ОРОЗОБЕК АЙТЫМБЕТТИН СЫРЫ, ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ДАГЫ БИР ТАЛАПКЕР


Жай саратанында кыргыз басылмаларында баштагыдай эле тарыхый, саясий темалар үстөмдүк кылууда. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, президент А.Акаевдин тарых илимине кошкон бараандуу салымы, мамлекет башчысынын жубайы кезектеги президенттик шайлоого талапкер катары катышаары эмитен эле айтыла баштады.

«‘Биринчи леди Кыргызстандын экинчи президенти болгусу келет’ деген божомолду айтып, бутага дал тийген экенбиз, - деп жазды жума күнкү «МСН» гезитинде Рина Приживойт. - Радио аркылуу социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы маалымдала баштады: сурамжылангандардын 96%ы Майрам Акаева мамлекет башчысы болушун каалайт экен». Автордун болжолунда, күзүндө парламент таркатылып, А.Акаев маалына жетпей кызматын таштап, бийлик тизгинин М. Акаевага алып бериш үчүн аракеттин баары жасалат. «Батыштын демократия модели Борбор Азияда иштеген жок. Менталитет башка. Кайсы бир өлкө укуктук мамлекет болгуча президенттердин баары хан болуп алгысы келет. Бир да президенттин үй-бүлөсү бийликти колдон чыгаргысы келбейт» деп жазат макала автору.

Гезиттин аскердик баяндамачысы Александр Ким Орусиянын экс-президентинин «Орусия америкалык аскерлердин Кыргызстанда жайгашуусуна нааразы» деген пикирин талдоого алган. Б. Ельцин журналисттер алдында Борбор Азия Орусиянын кызыкчылыгындагы чөлкөм экенин ырастап, «президент А.Акаев америкалык аскерлер келишим мөөнөтү аяктаганда жыл аягына чейин кетээрин айтты» деп билдирген. «Америкалыктардын ары-бери Кыргызстандан аскерлерин алып кетээр ою жок, - деп жазат Александр Ким. - Болбосо дагы 300 гектир жерди ижарага алып, аны өздөштүрүүгө киришмек эмес».

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын илимий китепканасы финансылык оор проблемага капталып, илимий адабияттар менен толукталбай, тармактык филиалдары бир четтен жабыла баштаганы Зоя Исматулинанын «Илим жылдыздарын эмне өчүрүүдө?» деген макаласында баяндалган.

Кыргыз тарыхынын тереңдиги, элдин пайда болушу, жок болушу жазуучу Орозобек Айтымбеттин «Заман Кыргызстан» гезитинин жума күнкү санындагы маегинде баяндалган. «Кечээ эле «Манастын» 1000 жылдыгына карата указ чыкканда мен «тарыхый Манаска 2200, а эпоско 2000 жыл болду» деп, жогору жакка он жолу кат жолдодум эле. …Тилекке каршы, ошол кездеги береги аракетимен эч жыйынтык чыкпай калган», дейт Орозобек Айтымбет.

«Кыргыз туусу» гезитинин жума күнкү санында Мундузбек Тентимишевдин Исхак Раззаков жөнүндө эки этюду жарык көрдү. Кызматынан алынып, Москвада жашап калган Исхак Раззаков 60 жылдык мааракесинде, 1970-жылы гана Кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүк алыптыр.

Президент А.Акаевдин тарых илимине кошкон салымы илимпоз Өскөн Осмоновдун ушул эле гезиттеги маегинде баяндалган. «А.Акаев минтип кыргыз тарыхынын өнүгүшүнө кам көрүп тим болбостон, залкар окумуштуу, эң күчтүү аналитик катарында кыргыз тарыхы боюнча фундаменталдуу эмгек жаратты. Демек, биз тартынбай эле ушул кезде кыргыз тарыхчыларынын башында Аскар Акаевич турат десек болот», дейт Ө.Осмонов.

Жүрөк-кантамыр оорулары Кыргызстанда өзгөчө көп жайылган дарт экени академик Мирсаид Миррахимовдун жума күнкү «Эркин тоо» гезитиндеги маегинде баяндалат. Республикада каза болгондордун теңине жакыны жүрөк-кантамыр оорусуна чалдыккандар. Кыргызстан киши башына эсептегенде мээге кан куюлуп өлгөндөр боюнча КМШ өлкөлөрүндө биринчи орунда. Миррахимовдун маалыматына караганда, республикадагы калктын 800 миңи жүрөк-кантамыр оорулуулары.

Кыргыздын чоң байларынын толук эмес тизмесин «Бишкек таймс» гезити жаңы санында жарыя кылды. Тизменин башында 57 миллион доллар байлыгы менен Нарын облусунун губернатору турат. Кыргыз байларынын көпчүлүгү - чоң кызматты ээлеген өкмөттүк чиновниктер же парламент депутаттары.

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Эл аралык кызматташтык борборунда жалган документтүү студенттер билим алышаарын жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде Виктор Виноградов жазып чыкты. Борбордун директору чет өлкөдөн келген студенттин документин факсимилдик байланыш аркылуу алып турган. Эреже боюнча, документтин түп нускасы гана кабыл алынышы керек.
XS
SM
MD
LG