Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Иран Кыргызстандан электр энергиясын сатып алууга даяр экени өкмөт жыйынында айтылды


БИШКЕК. Иран Кыргызстандан 50 млрд. кВт/саат электр кубатын сатып алууга даяр. Бул тууралуу кечээки өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев маалымдады. Ал эми Кыргызстандын электр энергиясы Иранга Пакистан аркылуу гана эспорттолушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу өкмөт башчысы Кыргызстандан электр энергиясын экспорттоо боюнча Пакистандын өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүнү Тышкы иштер министрлигине тапшырды. Буга чейин Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда электр энергия тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган. Бирок ал келишим 1996-жылы Пакистандын өкмөт башчылыгында Беназир Бхутто турган мезгилде түзүлүп, ошол эле жылы Пакистандын башына жаңы өкмөт келгендигине байланыштуу ишке ашырылбай калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG