Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөгө каражат изделүүдө


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев Финансы министрлигине Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөнүн алкагындагы иш-чараларды каржылоо боюнча планды өкмөткө тезирээк сунуш кылууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Учурда министрликтер менен ведомстволор кыргыз мамлекеттүүлүгүн белгилөө боюнча иш-чараларды өткөрүүгө акча каражаты жетишсиздигин белгилешүүдө. Буга байланыштуу өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөнүн алкагындагы иш-чараларды өткөрүш үчүн бюджеттен тышкары каражат табууну тапшырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG