Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ УЮМДАРЫ БОРБОР АЗИЯДА ЛИЗИНГДИ ӨНҮКТҮРҮШ ҮЧҮН КОР ТҮЗМӨК БОЛУШТУ


Сапар Орозбаков, Бишкек Базар экономикасы терең тамырлаганына карабай, буга чейин Кыргызстанда лизинг кызматы өнүкпөй келген. Былтыр «Лизинг жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, Салык кодексине өзгөртүү киргизилгенден кийин ишкерлерди каржылоонун бул альтернативдүү формасына жол ачылды. Дүйнөлүк Банктын курамына кирген Эл аралык финансы корпорациясы Борбор Азия өлкөлөрүндө лизингди өнүктүрүш үчүн 55 млн. доллардан турган фонд түзөөрүн билдирди.

Ишкерлик жаңы өнүгүп, аны кеңейтиш үчүн акча жетпей турган чакта лизинг каржылоонун ыңгайлуу формасы болуп эсептелет. Бул үчүн ишкерге алдын-ала каражат топтоонун кажети жок. Өндүрүшкө жабдуу алынып, ал ишке киргенден кийин гана ишкер анын акчасынан аз-аздап төлөп кутулат жана акчасы төлөнүп бүткөндө ошол жабдуу анын менчигине айланып калат. Лизинг банктан кредит алып, жабдууну сатып алганга караганда да артыкчылыгы бар. Анда кредиттегидей күрөө талап кылынбайт. Ошондой жабдууну лизингге берген компаниялар болсо, жаңыдан иш баштап жаткан кыргыз ишкерлерине чоң жеңилдик болмок. Бирок андай компаниялар Кыргызстанда дагы эле түзүлө элек. Банктар гана анча-мынча лизинг операцияларын жүргүзүмүш болушат.

- Биз азыр Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси үчүн жылына 28 млн. долларлык лизинг кызматы керек деп эсептейбиз. Бул жалаң гана чакан жана орто бизнес үчүн, - дейт Эл аралык финансы корпорациясынын “Борбор Азияда лизингди өнүктүрүү” долбоорунун жетекчиси Рейчел Фримен айым.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда лизинг ишкерлигинин өнүгүшүнө өлкөнүн мыйзамдары жолтоо болуп келген. Салык кодексинин мурдагы жоболоруна ылайык, жабдууну лизингге алуучулар төлөгөн үстөк пайызына да кошумча нарк салыгын төлөөгө тийиш эле. Лизинг компаниялары да жабдууну импорттогондо 20% кошумча нарк салыгын төлөшчү. Мындан тышкары, алар тапкан таза кирешелерине да пайда салыгын төлөөгө мажбур болушкан.

Эл аралык финансы корпорациясы жана Швейцариянын Экономикалык байланыштар боюнча катчылыгы атайын долбоор түзүшүп, өкмөт менен кошо Салык кодексине зарыл түзөтүүлөрдүн жана “Лизинг жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорлорун иштеп чыгышкан. Булар Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, аларга президент кол койду. “Эми лизингге жол ачык” дешет долбоордун аткаруучулары.

- Азыр анын өнүктүрүш үчүн ресурс топтоо мааниге ээ. Бул жерде да Эл аралык финансы корпорациясынын жана Швейцариянын Эл аралык байланыштар боюннча катчылыгынын ролу чоң. Биз азыр лизингди өнүктүрүш үчүн фонд түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Биз фондду бүт Борбор Азия үчүн түзөбүз. Биз азыр Кыргызстандын жергиликтүү финансылык уюмдарын каржылоону баштайбыз. Биз ал каражатты бере турган алгачкы 5 уюмду тандап алдык, - деди Рейчел Фримен айым.

Анын айтымында, Эл аралык финансы корпорациясы фондго 40 млн. доллар бөлүп, дагы 15 млн. долларды башка каржы уюмдары чыгарат. Лизинг операцияларын жүргүзүш үчүн “Инэксимбанк”, “Демирбанк”, “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк”, “Бай түшүм” каржы кору жана башка дагы бир уюм тандалып алынды. Булардын ичинен лизинг жүргүзүү боюнча “Инексимбанктын” тажрыйбасы көбүрөөк. Ал буга чейин 500 миң долларга лизинг кызматын көрсөткөн. Биз анын лизинг кызматынын шарттарына кызыктык.

- Башкалар канчадан берип жатышканын айта албайм. Аларды банктар гана беришет. Болгондо да аябай аз. Бизде үстөк 15-20% тегерегинде болот, - деди “Инексимбанктын” директорунун орун басары Руслан Боромбаев. Бул - доллар менен эсептегенде. Кыргызстандагы доллардын орточо кредиттик үстөгү 24% экенин айтсак, лизинг операциялары ишкерлер үчүн анча деле кымбат эмес экени түшүнүктүү.
XS
SM
MD
LG