Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

АФРИКА АКШга ЭМНЕГЕ КЕРЕК?


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштун Африка континентиндеги беш күндүк визити аяктады. Америкалык президент беш өлкөдө - Сенегалда, Түштүк Африкада, Ботсванада, Угандада жана Нигерияда болду. Визит маалында ири масштабдуу маселелер – СПИД илдетине каршы күрөшүү, экономикалык жардам көрсөтүү программалары,асыресе,коопсуздук проблемалары талкууланды.

Жорж Буш президент болгондон бери тышкы саясатта Африкага көп деле ыкыласын төшөгөн эмес. Ал эми 2000-жылы шайлоо кампаниясы маалында кокус Ак үйгө келип калчу болсо, аталган континентке анчейин гана көңүл бурарын билдирген. “Президенттер негизинен улуттук стратегиялык кызыкчылыктарды так аныктоого тийиш, Африка, мүмкүн маанилүү чыгар, бирок ал менин түшүнүгүмдө америкалыктардын мындай таламдарына кирбейт”, - деп айткан эле шайлоо алдындагы сөздөрүнүн биринде. Кийин президент болуп шайланган соң ушундай унилатералисттик мүдөөдөн улам Балкандан америкалык контингентти чыгаруу жөнүндө маселе койгон. Эми болсо Африкадагы өлкөгө - Либерияга аскер киргизүү мүмкүндүгүн айтууда.

Буштун улуттук коопсуздук иштери боюнча башкы кеңешчиси Кондализа Райс президенттин Африкадагы визитинен чоң маани көрөт. Бул СПИД, ачарчылык өңдүү гуманитардык проблемалардын өңүтүнөн тургай Африканын потенциалын пайдалануу маанисинен алганда да позитивдүү кадам болду. Континенттин рыногун өркүндөтүү аркылуу чакан кыштактагы жакырчылыкты жойгонго болот, деп эсептейт Райс. Визит маалында Буш чын эле африкалыктарга СПИДге каршы күрөшүү үчүн 15 миллиард доллар каражат тапканга, мындан тышкары континентте жасалган продуктылардын америкалык рынокко киришин жеңилдеткенге сөз берди.

Иши кылып,президент Буштун кара континент тууралуу позициясы өзгөрдү. Бирок буга эмне түрткү болду?

Эксперттер ар түрдүү факторлорду атап жатышат. Вашингтондогу саясий иликтөөлөр боюнча менчик борбордун вице-президенти Тэд Гален Карпентер мунун жөнүн айланып келип эле мунайдан көрөт. Анголанын, Сан-Томанын, Габондун жана Нигериянын деңиз жээктеринен кара майдын ири кендери табылды. Жалпы Батыш Африка ушу тапта эле бүткүл мунайынын 15 процентин Кошмо Штаттарына экспортко чыгарат, жакынкы келечекте ал 25 процентке чейин өсүшү мүмкүн. Африкадагы кара майдын күргүштөгөн агымын буруу үчүн Кошмо Штаттары регионду өз колуна алабы-жокпу, алды менен ушу маселе чечилиши керек, деп айтты Карпентер “Азаттыктын” кабарчысына. Вашингтондук эксперт ушул эле жүйөөдөн улам президент Буш Либерияга контингент киргизгенге кыяз кылып жатат деп эсептейт.

Вашингтондогу Карнеги фондусунун аналитиги Марина Оттауэй мындай пикирлердин жүйөөсүн танбайт, ошентсе да президент Буштун кара материктеги саясатын негизинен туура көрөт. Бери эле дегенде жакырлыгы аз келгенсип өкмөтү да алсыз, такай куралдуу чыр-чатактар чыгып турган өлкөлөрдү террордук топтор жайлуу уюгу кылып аларын турмуш өзү көрсөттү. Кошмо Штаттардын Африкага кызыкчылыгы жанданып жатканы бул континенттеги өлкөлөр “Ал-Каиданын” бир бөлүгүнө айланып, өзүнчө эл “жаңы Ооганстан” болуп кетиши мүмкүн деген кооптонууга байланыштуу, деп айтты биздин кабарчыбызга Оттауэй айым.

“Ал-Каида” өзүнүн биринчи террордук акцияларын Кения менен Танзанияда баштаганы белгилүү. Быйыл июнда эле Малавиде коопсуздук кызматтары Усама бин Ладен менен тыгыз байланышы бар беш кишини кармашты. Андыктан Буштун Африкадагы визитин жалпы антитеррордук кампаниянын аңытында караганга да жүйөө бар.

Башка бир эксперттер болсо республикачыл партиядан шайланган америкалык президенттердин бири да буга чейин Африкада боло электигин эске салып, Буштун бул жолку сапарынан эмдиги жылдагы шайлоонун камылгасын көрүштү. Сенегалга келип түшкөн биринчи күнү эле Буш кулчулук соодасын тарыхтагы ири миграциянын доору катары мүнөздөп,ошол эле учурда аны тарыхтагы эң улуу кылмыш деп атады. Байкоочулар муну америкалык ынды кара шайлоочулардын көңүл кушуна ылайыкталып айтылган кепке жорушту. Кошмо Штаттарында теги жагынан Африкадан тараган шайлоочулар негизинен демократиялык партиянын туруктуу электоратына кирет.

Акырында Буштун визити Кошмо Штаттардын эл аралык амбициясы жаңы фазага өткөнүн ырастаган масштабдуу, ошол эле учурда кыйла тобокелчиликтүү да кадам болду. Бул сапары менен эл аралык коомчулукка, биринчи кезекте африкалыктарга президент Буш өзүн аскерий операциялардын эле эмес, тынчтык үчүн күрөштүн да каарманы кылып көрсөтүүнү көздөдү. Бу жагынан,байкоочулардын баасында, анын визити бир топ эле үзүрдүү болгонсуду.
XS
SM
MD
LG