Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

САМАРКАНДЫКТАГЫ ЖЕР ТАЛАШ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 10-июлда Баткен облусундагы Самаркандык айыл өкмөтүндө жашаган 30 чакты аял Тажикстандын Шураб чек ара бекетин алып салуу талабы менен чыгышты.

Аларды айылдын чыга беришинен Баткен райондук кеңешинин төрагасы Али Темиркулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Акбаев жетектеген тартип коргоо кызматкерлери токтотушуп, артка кайтуусун суранышты. Ал эми жалаң аялдардан турган топ «биздин жерди тажиктер сатып алыптыр, чек ара бекети алынмайынча кетпейбиз» дешип, бир топко көшөрүштү. Бийлик өкүлдөрү эч кандай жер сатылбаганын, бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилээрин, чек ара бекетине баруу опурталдуу экенин кайра-кайра түшүндүрүшүп, аялдарды артка кайтаруунун аракетин көрүштү.

Бул аялдар мындай талап менен жөн-жай эле чыгып жатышкан жок. Анткени тажик тарап Шураб шаарынан чыга беришке Советтер Союзунун тушунда коюлган «Кыргыз ССРи, Баткен районунун Самаркандык айылына кош келиңиздер» деп чоң бетон плитасына жазылган чек ара белгисин ушул кышта оодарып, оодарып гана тим болбой аны түп орду менен жок кылып, чек ара бекетин Самаркандык айылынын түбүнө коюп алышкан. Бул чек ара бекетин алуу талабы менен айыл калкы буга дейре жергиликтүү бийликке бир канча жолу кайрылган. Андан эч кандай майнап чыкпай, акыры 7-июль күнү ушул аялдар чек ара бекетине барышып, тажик чек арачыларына «10-июлга чейин кеткиле, болбосо вагонеткаңарды оодарып салабыз» деген талап коюп кайтышкан. Ал эми тажик чек арачылары «бул жерди Тажикстан сатып алган» деген сөз таратып, жергиликтүү калктын кабатырлыгын ого бетер күчөтүшкөн.

- «Сатып алынган. Сиздердин акыңыздар жок, силер чече албайсыңар. Саткан кишилер келип чечет» деп тажик солдаты айтты, - дейт бул жөнүндө 69 жаштагы Баатыр эне, Самаркандык айылынын тургуну Шаарназ Полотова.

Самаркандык айылы үч тарабынан Тажикстан менен чектешип турат. Жогорудагыдай талап менен чыккан аялдар буга дейре тажиктердин кысымынан ээн-жайкын мал багалбай калганына, суу тартыштыгына чыдап келгенине, эми минтип кыргыз жерине чек ара бекетин коюп алганына чыдай албай чыгышканына токтолушту.

- Өзүбүздүн чек арадан бир канча чакырым жерди тажиктер өзүлөрүнүн чек арасына коюп алышкан. Баарыбыздын тынчыбыз кетип атат. Үч жактан тажиктер кысса, биз тегерете тажиктердин ортосунда калабыз. Кысып келатышат.

- Тажиктер чек ара коюп алган кыргыздын чек арасына. Тажиктин чек арасы кыргызды бир мүнөткө койбойт.

- Бекетин азырынча алып турсун. Элдин талабы ушул. Эл ошого тынчсызданып атат. Кыргыздын жерин тажиктерге бербейбиз.

- Биздин эки маселебиз бар. Биринчиси - бекет алынсын. Экинчиси – чек арабыз жайына коюлсун. Эл өзүбүз чыгып атабыз. Эч ким түрткөн жок. Балдардын келечеги үчүн чыгып атабыз.

- Жашоо шартыбыз кыйын бул жерде. Суудан кыйналганыбыз болот. Тажиктен суу сурап барсаң, акчаңды алып, «бир саатка 100 сом алып кел» дейт. Ортосайдан кичине эле мал айдап өтүп кеткенче мал камакка түшөт, -
дешет Баткендин Самаркандык айылынын жашоочулары.

Ал эми Самаркандык айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Салихов бул жер Тажикстанга убактылуу иштетүүгө берилгенин айтты. Бирок ал чек ара маселесине элдин аралашканын туура көргөн жок.

- Бул аймак 1989-жылы «паритеттик комиссиянын негизинде чечилсин» делген. Жер маселеси менен иштеген адамдардын сөзү боюнча «факты жүзүндө пайдалануу» деп аталат. Мурда шахта тажиктерге иштетсин деп берилген. Тажиктердин шахтерлору иштеп жүрүп, ошол жерлерге көчөт тигип хаус курушкан. Тажиктер Союз мезгилинде ал жерди өздөштүрүп, көчөттөрдү тигип, ошол жерге келип туруп алышкан. Март айында кандайдыр-бир себептер менен бетон плитасы кулап калган экен. «Тийбегиле» деп документтештирип кеткенбиз, үч күндөн кийин өтүп барсак ордунда жок. Ал 1993-жылы коюлган, ал кезде Союз жашап турган. Айылдын атын көрсөтүш үчүн «Кыргыз ССРи, Баткен районунун Самаркандык айылына кош келиңиздер» деп бир жак бетине жазып койгонбуз. Чек ара бекети, жер маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек. Эл аралашканы туура эмес. Мага кайрылган, эл. Мен жогорку органдарга бул маселени туура чечип берсин деп кайрылгам, - дейт Каныбек Салихов.

Тажик чек ара бекетине жөнөгөн аялдарды бийлик өкүлдөрү маселени кайра-кайра түшүндүрүп атышып, эки сааттай убакытта араң артка кайтарышты.
XS
SM
MD
LG