Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Сербияда экс-президент Слободан Милошевичтин тушунда орун алган жеке менчиктештирүү боюнча тергөө башталды.


1997-жылы "Телеком Сербиянын" акцияларынын 51 пайызы "Телеком Италияга" дээрлик 500 миллион долларга сатылган. Сербиянын юстиция министри Владан Батичтин айтымында, бул соода Сербиянын 20-кылымдагы тарыхындагы эң ири көз бойомоочулук болуп калды. Бул операцияда миллиондогон доллар пара берилген деп шектелүүдө.
Италияда бул иш боюнча өз алдынча тергөө жүрүп жатат. "Телеком Сербиянын" контролдук акцияларын Сербия өткөн декабрда баштапкы баасынан эки эседен ашык арзанга кайра сатып алды. Министр ошондой эле Милошевичтин жашыруун банк эсептери болгондугу шектелген Италияга, Грекия, Германия, Кипрге жана Британияга, ошондой эле оффшордук компанияларга тергөө ишине жардам сурап кайрылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG