Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Германия Иракка аскер жибере албайт


Канцлер Герхард Шрөдер бүгүнкү теле-маегинде Вашингтонго Германиянын Ооганстанда, Балканда жана Түштүк Африкадагы миссияларга аскер кошуп, дагы башка чыгым тартып жаткандыктан, Ирактагы көп улуттуу миссияга катыша албасын айтты.
Германия менен Франция Иракка Бириккен Улуттардын мандаты менен гана аскер жөнөтөөрүн айтышууда. Бирок Испания бүгүн Иракка 1300 аскер жиберээрин шардана кылды. Вашингтондо АКШнын коргонуу катчысы Доналд Рамсфелд жакында Сенаттын комитетинде эл аралык ири аскер бөлүгүн куроо нийетин билдирип, ага немис жана француз аскерлери да кошула алат деген. Ал ошондой эле Кошмо Штаттары Иракта мурда пландагандан көп, айына 4 миллиард доллар сарптап жаткандыгын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG