Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Иракта убактылуу администрациянын курамы ушул аптанын соңунда белгилүү болот


Бул тууралуу америкалык өкүлдөр Ассошиэйтед Пресс агенттигине билдиришти. Аларга ылайык, АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер 25-30 ирактыктан турган жаңы өкмөттүк кеңештин курамын ушул аптанын соңунда жарыялайт. Ал эми Бириккен Улуттардын атын атабоону өтүнгөн өкүлү Бремер эртең билдирүү жасаарын, мындан көп өтпөй Ирактын согуштан кийинки тунгуч улуттук өкмөтү ишке киришээрин кабарлады.
Иракта бүгүн америкалык аскер полициясы кайтарган түрмөнүн жанында үч ирет бомба жарылды. Франциялык агенттик бир америкалык аскер жараат алгандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG