Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

ИРАК: ЖАҢЫ ӨКМӨТКӨ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Бүгүн, жекшембиде, Ирактын жаңы Башкаруу кеңешинин алгачкы жыйыны башталды. Ошентип, Саддам Хусейн кулатылгандан кийин пайда болгон бийлик боштугун жоюу үчүн алгачкы кадам ташталды. Соңку чечим америкалык администратор Пол Бремерге таандык болгону менен, эми ирактыктар өз өлкөсүн башкарууда көбүрөөк рол ойноп калышмакчы. Вашингтон болсо бийликтин акырындап жергиликтүү структураларга өткөрүлүп жатышы коалиция күчтөргө кол салууларды азайтат деген үмүттө.

Жекшембиде алгачкы жыйынына чогулган Ирактын Башкаруу кеңеши жергиликтүү лидерлердин өлкөнү жетектөөгө көбүрөк тартылышын айгинелейт. АКШ жетекчилиги муну менен калк арасында коалицияга болгон ишенбөөчүлүк маанайы жоюлуп, АКШ жетектеген коалициялык аскерлерге каршы куралдуу чабуулдар токтойт деген үмүттө.

Жекшембиде жыйындын алдында өткөрүлгөн пресс-конференцияда Ирактын Улуттук конгрессинин басма сөз өкүлү Энтифатх Канбар журналисттерге мындай деп билдирди:

- Биз тарыхый бурулуш окуяга күбө болуп отурабыз. Бул Саддамдан кийинки алгачкы өкмөт болуп калмакчы. Алгачкы ирээт ирактыктар өлкөнүн саясий жараянына түздөн түз катышып жатышат. Бул - адам укуктарын, демократияны урматтаган, калган дүйнө менен конструктивдүү байланыштарды эске алуу менен курулуп жаткан жаңы Ирак мамлекетинин түзүлүшү болуп саналат.

Кеңеш өлкөнүн бардык улуттук жана диний катмарларын камтыган 25 мүчөдөн турат. Ага 13 шийит, беш сунний, беш күрт, бир христиан жана бир түркмөн кирет. Кеңеш курамында аялзатынын өкүлдөрү да бар.

Кеңешке аткаруу милдети жүктөлөт. Ал министрлерди дайындоо, мыйзамдарды кайра карап чыгуу, келишимдерге кол коюу, улуттук бюджетти жактыруу өңдүү өлкөнүн саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү иш-аракеттерди жүргүзөт. Андан тышкары жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыкчу атайын комитеттин мүчөлөрүн аныктайт. Ирактын жаңы конституциясынын долбору 2004-2005-жылдарга болжолдонуп жаткан жалпы элдик шайлоого чейин иштелип чыгуусу күтүлүүдө. Улуттук конгресстин басма сөз өкүлү Канбардын айтымында:

- Бул өткөөл мезгилден жалпы элдик шайлоо, жаңы конституция аркылуу жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө карай маанилүү кадам болуп калмакчы.

Ошону менен бирге, АКШнын администратору Пол Бремердин кеңештин бардык чечимдерин жокко чыгаруу укугу бар. Бирок дипломаттын айтымында, анын мындай ишке барууга ниети жок.

“Нью-Йорк таймстын” ишемби күнү жарык көргөн интернет баракчасында Бремер “Кеңеш убактылуу өкмөттүн министрлерин дайындап, коалиция менен саясий жана бюджеттик жаатта иш алып баруу аркылуу реалдуу саясий бийлик жүргүзө баштайт”, - деген оюн баса белгиледи.

Саддам Хуссейнге каршы согуштук аракеттерди жетектеп келген америкалык генерал Томми Фрэнкс өткөн аптада АКШ аскерлери күнүнө 10-25 ирет чабуулга туш келип жатышканын, буга чейин мурунку бийликтин тарапкерлери майда курал, гранаталарды колдонушса, эми миномет өңдүү оор куралдарга өтүшкөнүн айтты.

Президент Жорж Буш Ирактагы аскерий операциянын негизги бөлүгү аяктады деп жарыялаган 1-майдан бери өлкөдө 30дан ашуун америкалык жоокер курман болду. АКШ командачылыгынын маалымдашынча, ишембиде Багдаддан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Фаллужа шаарында америкалык аскерлер коопсуздук үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү полиция күчтөрүнө өткөрүп бере баштады. Коалициянын жоокерлери дал ошол Фаллужа шаарында жана суннийлер үстөмдүк кылган өлкөнүн түндүк-батыш тарабындагы башка аймактарда көбүрөөк чабуулдарга дуушар болушканы маалым. Соңку кабарларда Фаллужа шаар акиминин кеңсесине граната ыргытылганы, бирок андан жабыркагандар болбогону маалымдалууда.

Расмий Вашингтон Ирактагы бийликтин акырындап жергиликтүү структураларга өткөрүлүп жатышы аймактагы коопсуздуктун чыңдалышына, биринчи кезекте, коалициялык күчтөргө кол салууларды токтотууга, АКШнын аймакта убактылуу гана туруп жатканын тастыктоого өбөлгө түзөт деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG